Чычкан

Википедия дан
Чычкандар‎»‎ барагынан багытталды)
Кара келес (Rattus rattus).

Чычкандар (лат. Muridae) — сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүнүн тукуму.

Денесинин узундугу 548,5 см, куйругу узун, көбүнчө жүнсүз. 100-120 уруусу, 480дей түрү, КМШ өлкөлөрүндө 5 уруу, 12-13 түрү. Ал эми Кыргызстанда 4 түрү кездешет. Кеңири тараган космополиттер, айрымдары силантроп жаныбарлар. Ийин казып жашайт, чээнге кирбейт. Жылуу климатта жыл бою көбөйүшөт. Көбүнчө күүгүмдө жана түнкүсүн тиричилик өткөрөт. Табигый шартта 1-3 жыл жашайт. Токой жана айыл чарбасына, кампаларга зыян келтирет. Жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөр болгондуктан, коркунучтуу жугуштуу ооруларды - чума, лептоспироз ж. б. жуктурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4