Чыңгышев, Турсунбек

Википедия дан
Чыңгышев Турсунбек.

Чыңгышев Турсунбек (1942-ж. т., Тянь-Шань району, Төш-Булак айылы) — мамлекеттик жана партиялык ишмер.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1963-ж. Бишкек автожол техникумун, 1968-ж. Калининград кечки машина куруу техникумун, 1975-ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетин, 1987-ж. Москвадагы Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.
1963-ж. Ак-Суу районунда жол мастери. 1963—66-ж. армияда кызмат өтөгөн.
1966—68-ж. Калининград (мурдагы Кёнигсберг) шаарындагы машина куруу заводунда комсомолдук иште, 1968-ж. кайрадан армияга чакырылып, танк ротасынын командиринин орун басары, 1970—80-ж. Бишкекте комсомолдун Биринчи Май райондук, Кара-Көлдөгү Бүткүл союздук эпкиндүү комсомолдук курулушта (Токтогул, Курпсай ГЭСтеринде) комсомол комитетинин, партия комитетинин катчысы, партиянын Кара-Көл шаардык комитетинин биринчи катчысы.
1980—89-ж. Кыргызстан КП БКнын аппаратында өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басары, социалдык-экономикалык бөлүмдүн башчысы.
1989—91-ж. Токмок шаарынын партия комитетинин биринчи катчысы, шаар кеңешинин төрагасы.
1991-жылдан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы (вице-премьер-министр), 1991-ж. августтан жыл аягына чейин СССР «убактылуу өкмөтүнүн» мүчөсү, 1992-жылдын февралынан 1993-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министри.
1994-жылдан Гонконг эл аралык коммерциялык банкынын башкы директору.
1990-95-ж. Кыргыз Республикасынын эл депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Ардак Белгиси», Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.