Чүй өрөөнү

Wikipedia дан

Чүй, өрөөнү —Түндүк Теңир-Тоодогу ири өрөөн. Түштүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, түндүгүнөн Чүй Иле тоолору менен чектелген. Чүй дарыясынын ортоңку агымында жайгашып, түштүк чыгыштан түндүк батышка 250 км аралыкка созулат. Аянты 32 миң км2. Өрөөндүн чыгыш жагы кууш (10–12 км) жана туюк келип, Боом капчыгайы аркылуу Ысык-Көл өрөөнү жана Ички Теңир-Тоо менен байланышат. Батышы жазы (90– 100 км) жаанчык келип, бара бара Казакстандын Моюнкум чөлдөрүнө өтөт. Кыргызстанга өрөөндүн Чүй дарыясынын сол тарабы (Аш мара суусуна чейинки бөлүгү) тийиштүү, калган бөлүгү Казакстанга карайт. Теңир тоонун физ. геогр. райондоштуруу схемасында Чүй өрөөнү өз алдынча табигый аймакты түзөт. Чүй өрөөнүн таманы деңиз деңг. 500– 1300 м бийик жайгашып, түн. батышты көздөй эңкейиштейт. Өрөөн негизинен палеозой м н кайнозойдун, кумдук, аки таштеги, конгломерат, алевролит, филлит, гипс, чопо тоо тектеринен ж а төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Түндүк канаты жантайыңкы, түштүк канаты тик, жылышуу тибиндеги терең жаракалар м н тилмеленген. Түш. канатын бойлой неоген мезгилдеринин кумдук, чопо, алевролит ж а конгломерат чөкмө тектери адыр сы мал анчалык чоң эмес антиклиналды түзүп жатат. Түндүккө карай бул тоо тектер тереңирээк жатып, төртүнчүлүк мезгилинин чопо, кумшагылдары м н басырылып калган. Минералдуу арашан булактар бар (к. Ысыката минералдуу суусу, Аламүдүн минералдуу суусу). Өрөөндүн үстүнкү бетинде Чүй дарыянын ж а анын куймаларынын шилендилери жатат. Чүй өрөөнү рельефи ж. б. өзгөчөлүктөрү м н айырмаланган бир нече бөлүктөн турат. Чүй дарыясын бойлоп жайылма ж а 2 тектирлүү түздүктөр созулат. Алар баш жагында кум, шагыл таш, төмөн жагында кумылай шилендилеринен түзүлгөн. Түштүгүрөөк жакта Батыш Чоң Чүй каналынын трассасына чейин Борбордук түздүк орун алган; батышы жазы, чыгышты көздөй улам кууштап, Токмок ш нын жанында бүтөт. Мында жер астындагы суулар 0,5–4 м гана тереңдикте жатат; ал эми түш. тарабында кара суулар чыгуучу тилке бар. Түздүк кара суулардын нуктары м н кеңири тилмеленген. Кыргызстандын түн. батыш чегинен (Степной кыштагынан) баштап (негизинен Казакстанда) Чүй дарыясынын жайылмасын бойлой жапыз плато сымал Сарыгоо түздүгү орун алган. Ал чопо тектерден түзүлүп, аң, коолор м н тилмеленген. Өрөөндү курчап турган тоолорду этектеп 650–1300 м бийикте тоодон агып түшкөн суулардын кум шагыл шилендилеринен түзүлгөн, жазылыгы 3–15 км конустар (же шиленди) жайгашкан тилке нин бети таштак келип, Чүй д н карай эң кейиштейт. Климаты континенттик. Жайы кургак жана ысык, кышы мелүүн суук, тоо луу бөлүгүндө климаты бийиктик алкак туулук б ча өзгөрөт. Июлдун орт. темпратурасы 20–25°С, январдыкы —4,5...–9°С. Жылдык жаан чачыны 350–440 мм, жылуу мезгилдин узактыгы 250 күн. Негизги дарыясы — Чүй. Өрөөндүн аймагындагы анын ири куймалары: Чоң Кемин, Ысык ата, Аламүдүн, Аларча, Жыламыш, Аксуу, Карабалта ж. б. Чүй Өрөөнү жер астындагы сууларга да өтө бай, алар көп сандаган кара сууларды, саздарды, көлдөрдү пайда кылып, сугатка кеңири пайдаланылат. Өрөөн чарбалык жактан дээрлик өздөштүрүлүп, табигый ландшафттары өтө көп өзгөргөн. Деңиз деңг. 900–950м бийиктикке чейин боз топурактуу жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Анда негизинен шыбак, жазын да гүлдөөчү эфемер чөптөрү өсөт. Тоо этек теринде жана өрөөндүн баш жагында (деңиз деңг. 900мден өйдө) ачык коңур топурактуу кургак талаа ландшафты өөрчүгөн; анда шыбак, бетеге, кылкан чөп, буудайык, коңурбаш өсүмдүктөрү басымдуу. Таштак жерлерде, сайларда майда бадал дар (алтыгана, итмурун), кара суулардын боюнда, Чүйдүн жайылмасында камыш туу саздар бар. Мында көп тармактуу татаал ирригациялык система курулган. Өрөөндө Бишкек, Токмок, Карабалта, Аксуу, Кант, Шопоков шаарлары, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Чүй, Ысы ката, Кемин райондору жана жүздөгөн айыл кыштак, ондогон шаарча жайгашкан. Өрөөн аркылуу Луговой — Балыкчы тараптан өтөт. Чүй Өрөөнүндө Бурана, Шишдөбө, Сарыг, Суяб, Төлөк, Карранжуван, Кегети, Нускет шаар урандылары бар.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]