Чүй (дарыя)

Wikipedia дан
Чүй
кыргызча Чүй, орусча Чу
каз. Шу
Чүй өрөөнүндө
Чүй өрөөнүндө
Мүнөздөмө
Узундугу 1,069 км
бассейндин аянты 62 500 км²
Суу чыгымы 130 м³/с (тоодон чыга бериште)
Суу агымы
Башаты Жоон-Арык жана Кочкор дарыяларынын биригиши
 · Бийиктиги 1700 м
 · Координаттар 42°13′15.60″N 75°44′29″E / 42.221°N 75.74139°E / 42.221; 75.74139 scale= should be scale: in {{Coord}}
Аягы Ачык-Көл
 · Координаттар Калып:ISO 3166 44°59′N 67°43′E / 44.98333°N 67.71667°E / 44.98333; 67.71667Coordinates: Калып:ISO 3166 44°59′N 67°43′E / 44.98333°N 67.71667°E / 44.98333; 67.71667 scale= should be scale: in {{Coord}}
Жайгашкан орду
Сырдарыя бассейни
Сырдарыя бассейни
Өлкөлөр Кыргызстан, Казакстан
##башаты (Кыргызстан)
Blue pog.svg
башаты
##аягы (Казакстан)
Blue pog.svg
аягы
Чүй Уикиказынада

Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу аккан дарыя. Узундугу 1030 км (Каракужур суусу менен 1305 км), алабынын аянты (Үлкөнарнанын чатынан Уланбел кыштагына чейин) 67,5 миң км2. Кыргызстандын аймагындагы узундугу 260 км, ортонку эңкейиши 5°, алабынын аянты 22 миң км2, анын 65%и тоолуу бөлүккө, 35% түз жерлерге тура келет.
Адабиятта жана официалдуу маалыматтарда Чүй дарыясы деп анын Боом капчыгайынан ылдыйкы, Чоң Кемин суусу кошулгандан кийинки гана агымын эсептеген.
Биринчи орус изилдөөчүлөрү (М. И. Венюков, 1860; А. Ф. Голубев, 1861; П. П. Семёнов, 1857 ж. б.) да ушуну айкындашкан.
Илимге сиңип калган түшүнүк боюнча, Чүй дарыясынын Кочкор өрөөнүнөн (Жоонарык менен Кочкордун бириккен жеринен), 1802 м бийиктиктен башталат.
Андан ылдый протерозойдун метаморфизмделген гнейс,акиташ тоо тектеринен, силурдевон граниттеринен турган Арсы, Каракоо тоолорун, Ортотокой сиенит массивин кесип өтүп тар капчыгайларды жаратат.
Ысык-Көл өрөөнүнө чыгып, көлгө 7 км жетпей, дарыя түндүк-батышка Боом капчыгайын көздөй бурулат. Ушул имерилиште илгери, Орто-токой суу сатагыч курулганга чейин жайкысын Кочкор суусу катуу кирген мезгилде суу өзөндүн нугуна батпай жээктен ашып, Көтмалды салаасы аркылуу Ысык-Көлгө да куюп турган (к. Бууган макалсын).
Каражылгадан (1600 м бийиктикте) Тайгакташка чейин 22 км аралыкта дарыя Боомдун ичи менен тар (нугунун туурасы 15–20 м чейин) капчыгай, терең (60–70 м) каньон аркылуу өтөт.
Капчыгайдын ортоңку бөлүгүндө палеозойдун чөкмө тектерин, түндүк жагында (Ыңырчак, Окторкой аймактары) протерозойдун гранит- гнейс тектерин шар суу дайыма жемирип турат. Чоң Кемин суусу (1287 м бийиктикте) куйгандан кийин дарыя Чүй өрөөнүнө чыгып, катуу шар аккан тоо суусу түздүк тибиндеги жайылып аккан дарыяга өтөт. Деңиз деңгээлинен 535 м бийиктикте Чүй Кыргызстандын чегинен чыгып калган агымы Казакстандын чөлдөрүнө туура келет. Төмөн жагында өрөөнү 5–10 км, кээ бир жеринде 30 кмге чейин кеңейип, жайылмалары сазга айланып, камыш басып, майдакөлдөрдү пайда кылат.
72° чыгыш узундукта Чүй дарыясына кумга сиңип соолот. 67°ка жакын туздуу Ачикөлгө жетип-жетпей (150 м абс. бийиктикте) кумдуу чөлдө биротоло соолот.
Кыргызстандын аймагында Чүйдүн системасына 4892 агын суу, өзөн, канал ж. б. кирет; алардын эң узуну 200 кмден ашат; 91%нин уз. 10 км жетпейт: Жылдык орточо агымы 3,6 км3 (Кыргызстандагы агын суулардын жылдык көлөмүнүн 7,7%), орточо чыгымы 71 м3/сек, агымынын орточо модулу 6,5 л/сек . км2. Агымынын 54%и 3300 мден бийик жаткан тоолуу аймакта чогулат.

Тоодон ойго, түздүккө түшкөндө негизинен төртүнчүлүк мезгилдеги жана азыркы аллювий борпоң тектери аркылуу аккандыктан жерге сиңүүдөн, буулануудан суу көп коромжу болот.
Алардын далайы жер астындагы сууларга өтүп, «Карасуу» иретинде кайра өзөнгө кошулат.
Ири куймалары: Чоң Кемин, Кичи Кемин, Каракоңуз, Ыргайты (оң), Шамшы, Ысык-Ата, Аламүдүн, Ала-Арча, Жыламыш, Ак-Суу, Кара-Балта (сол). Куймаларынын көбү Чүйгө жетпей, сугатка таралып кетет.
Суу ресурстарын толук пайдалануу максатында Чүйдө, анын куймаларында каналдар (Ат-Башы, Георгиевка, Чоң Чүй ж. б.), суу сактагычтар (Ортотокой; Чөмүч, Аларча ж. б.), ГЭС, көлмөлөр ж. б. курулган. Жылына Чүй өрөөнүнүн аймагында (Кыргызстанда) 300 миң гектардан ашык аянттары сугарылат. Чүй дарыясынын энергетикалык кубаты 360 миң кВтка барабар.
Анын жээгиндеги саздардын чым көңү, дары баткак кендери (Камышановка, Луговой, Төмөнкү Чүй) пайдаланылат.
Түрдүү балыктар (жаян, каңылтыр, өрдөкбаш, сазан ж. б.) кезигет. Саздак, нымдуу, жайылма кашаттардагы камыш, бадал, өлөң чөп жана башкаларда түрдүү канаттуулар, жандыктар мекендейт. Боюнда Токмок шаары, Чүй, Кемин шаарчалары, Георгиевка, Васильевка жана башка кыштактар жайгашкан.
Өндүрүштүн түрдүү токсикалык ж. б. таштандылары, жаратылыш ресурстардын иреетсиз пайдаланылышы табигый чөйрөгө зыян келтирүүдө.
Чүй дарыясын булганган өзөндөрдүн бири. Аны коргоо, дарыянын экологиялык абалын жакшыртуу – өзгөчө маанилүү милдет. Чүй топониминин тарыхы, жаралышы,этимологиясы алиге чейин чечиле элек.

"Манас" эпосунда[оңдоо]

Чүй«Манас» эпосундагы топоним. Кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары эпостун көптөгөн эпизоддорунда эскерилет. Жакып Манас төрөлгөндөгү тойго Ч-дөгү элди да чакырат. Манас колу менен келип бошотуп алганга чейин Ч-дү Акунбешим шаа басып алып, жердеп турган. Көкчөгө тарынган Алмамбет капаланып келе жатып Ч-дүн аягында Манаска жолугат (Сагымбай Орозбаков, 1. 75; Сагымбай Орозбаков, 2. 94, 290). Географиялык реалияда Кыргызстан менен Казакстандагы дарыя, өрөөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]