Чүчөк (энтеробиоз)

Wikipedia дан

Чүчөк (энтеробиоз) — кишинин гельминтоз оорусу.

Пайда болушу[оңдоо]

Чүчөктү мите курту пайда кылат. Ал уз. 1 смдей жумуру ак курт, кишинин жоон ичегисинде жашайт. Ургаачысы көбүнчө түнкүсүн оорулуу уктап жатканда жоон ичегиден сыртка сойлоп чыгып, көтөн чучуктун айланасындагы теринин бырыштарына жумуртка (200дөн ашык) таштайт. Ал жумурткалардан 5—6 сааттан кийин кадимки Чүчөк курттар пайда болот.

Оорунун пайда болуш Негизги себеби[оңдоо]

Чүчөк менен көбүнчө балдар жана тазалыкты сактабаган чоң кишилер жабыркашат. Оорунун эң биринчи белгиси — арткы тешиктин кычышуусу. Курт жоон ичегиден сыртка сойлоп чыгып келе жатканда көтөн чучуктун айланасы абдан кычышкандыктан уктап жаткан бала ошол жерин тырмай берет. Кычышкан жерди тырмаганда колго, тырмак астында жабышкан жумурткалар төшөнчү-орунга, ич кийимге, оюнчуктарга, тамак-ашка, идиш-аяктарга жана башкалар буюмдарга жугуп, аларды булгайт. Булганган кол, буюмдар аркылуу мите личинкалары тегеректеги соо кишилердин оозу-мурдуна кирип, Чүчөк жугат. Мындай убакта Чүчөк улам-улам кайра жугушу мүмкүн. Оору узакка созулуп, өнөкөт түргө айланып, баланын көтөнү дайыма кычышып, улам тырмоого туура келет. Тырмаган жерге инфекция кирип ириңдейт, кызарат, шишийт, жарага айланып, абдан ачышып, сыздап ооруп турат. Чүчөк болгон баланы өз убагында дарылабаса анын уйкусу качып, тынчсызданат, ыйлаак болот, түнкүсүн төшөккө сийип коёт. Тамакка табити тартпай, башы ооруйт, көңүлү айныйт, кыжырланып, эч нерсени сүйбөйт, уктап жатканда тишин кычыратат. Чүчөк курт ичегинин ички былжыр кабыгына сайылып жашагандыктан ичке кан тамырлар канап, майда жарага айланат. Жоон ичегинин ичин каптаган мындай жаралар анын жалпы сезгенүүсүнө алып келет, оорулуунун сезгичтиги жогорулап, аллергия пайда болот. Ошондуктан Чүчөк болгон чоң кишилердин уялып, дарыгерлерге кайрылбай жашырганы туура эмес, себеби оору өнөкөт түргө айланып көпкө жапа чектиргенден тышкары, алар үй-бүлөсүнө, балдарына, жакындарына бул гельминтоздун булагы болуп калышат. Узакка созулган өнөкөт Чүчөкттө киши бара-бара арыктап, унутчаак болуп, тез чарчайт, акыры анемия, невроз жана башкалар нерв-психикалык ооруларга дуушар болот. Эгерде оорулуу дарыгерге эрте кайрылса Чүчөк тез айыгат. Чүчөктүн узакка созулуусу кишинин улам-улам өзүнө өзү митени кайра жугузуп алуудан болот.

Алдын алуу[оңдоо]

Чүчөктүн алдын алуу, ага каршы күрөшүү үчүн гельминттин жугуусуна жол бербөө, оору айрыкча балдардын арасында көп тарагандыктан, аларды кичинекейинен тазалыкты сактоого үйрөтүү керек. Баланы уктаардын алдында жана уктап тургандан кийин колдорун, көтөнүн жылуу суу менен самындап жуу, таза ич кийим кийгизип, өзүнчө бөлөк төшөккө жаткызуу керек. Баланын тырмагын дайыма алып, анын асты таза болуусуна көз салуу зарыл.

Ар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн өзүнчө сүлгүсү, идиш-аягы, шейшептери, ич кийимдери жана башкалар буюмдары аралашпай бөлөк-бөлөк болууга тийиш. Аларды дайыма кайнатып, ич кийимди үтүктөп, оюнчуктарды күндө таза жууп туруу сунуш кылынат. Үйдүн ичин, терезелерди, катуу буюмдарды нымдуу чүпүрөк менен сүртүп турган талапка ылайык. Ч-түн алгачкы белгиси — кычыша баштаганда тезинен врачка кайрылуу керек. Бул ооруну врачка кеңешпей туруп, көрүнгөн дары-дармекти бет алды колдонуп айыктырууга мүмкүн эмес.

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8