Чөйчөк

Википедия дан

Жыгач идиш. Көлөмү кичине, сыйымдуулугу аз болот да, ал арча, кайың, карагай, тал, өрүк, жаңгак, ак чечек, алча жыгачтардан чабылса «чапма чөйчөк», кырылса «кырма чөйчөк» деп аталат. Ышталуу жана урунуу аркылуу ал акыры кара чөйчөк болуп калат. Мында чеберлер жыгачын кыйып келишип, дароо чабат да, мээлүүн жайда кургатат. Кырма чөйчөк да кырма табактай, аяктай тепме дүкөнгө коюлуп жасалат. Ал жарылып кетпеси үчүн берки идиштердей каймак май менен ичи-сырты шыбалат. Жалынга тосулуп алынат. Чөйчөк — жаш балдарга энчиленген, чай чыны менен иштеш идиш.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)