Чөкүшов Бейманалы

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чөкүшов Бейманалы (1928, Чүй облусу, Кемин району, Бейшеке айылы – 1996, Бишкек) – тарых илиминин доктору (1971), профессор (1973).

1947-ж. Кыргыз мамлекеттик педогогикалык институтун бүткөн. 1947-ж. -Атбашы районунда мектеп директору, Нарын педогог окуу жайында директордун орун басары.

1951-жылдан КМУнун тарых жана укук таануу факультетинде улук окутуучу, доцент, декан, кафедра башчысы, 1985–89-ж. профессор, 1989-жылдан жогорку окуу жайлар аралык Кыргыз Республикасынын тарыхы кафедрасынын башчысы.

Эмгектери негизинен Улуу Ата Мекендик согуштун жана тап күрөшүнүн тарыхына арналган.
200дөн ашык илимий эмгектин (а.н. 15 монография) автору.

Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1978); Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1989).

Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]