Шал

Википедия дан

Шал — булчуңдарды нервдештирүү (иннервация) бузулганда эркин кыймылдардын жоголушунан болгон оору.

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кол-буттун такыр кыймылдабай калышы толук Шал (паралич), ал эми бир аз кыймылдашы толук эмес Шал (парез) деп аталат. Ошондой эле органикалык жана функциялык болуп бөлүнөт. Мында нерв системасында органикалык жана функциялык бузулуулар байкалат. Борбордук нерв системасында кыймылдаткыч нейрондор жана алардын жүлүндөгү талчалары сезгенүүдөн, травмадан жабыркаганда сезгичтик бузулуп, булчуңдар кыймылсыз болсо да, алардын тонусу жогору болушу мүмкүн. Четки нервдердин оорусунун натыйжасында болуучу шалда булчуң былбырап, рефлекстер жоголот, булчуңдар атрофияга учурайт, сезгичтик да бузулат. Эгерде мындай шал бала кезде пайда болсо (мисалы, полиомиелитте), жабыркаган кол же бут ичкерип, кыскарат. Мээ нервдеринин сезгенүүдөн, травмадан, кан куюлуудан болгон ооруларында беттин булчуңдары шал болушу мүмкүн. Мисалы, бет нервинин полиневритинде мимикалык булчуңдар кыймылдабай калат; тил алдындагы нервдин жабыркашы тилди кыймылдатпай, оорулуу сүйлөгөндө, тамак жегенде тоскоол болот.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шалды дарылоо дарыгердин гана көзөмөлүндө жүргүзүлүп, ал кан айлануу органдарынын, борбордук жана четки нерв системасынын ооруларын дарылоодон башталат. Шал болгон кол-буттун функциясы бузулганда адегенде аларды туура оңдоп коюу керек. Колду чыканак муундарынан бүгүп, кырк муунду жазып жана манжаларды бир аз бүгүп коюу, бут Шал болсо — тизеден бир аз бүгүп, бут жана бут кетмени сыртка карай бурулбай жаткырылат. Бут-колдун туура жатышын сактоо үчүн кебезден жасалган, тышынан чүпүрөк оролгон тоголок жаздык коюлат. Жабыркаган бут-колду кыймылсыз калтырбай биринчи күндөн тартып, колдон келишинче оорулуу өзү гимнастика жасоого аракеттенүү зарыл. Ооруган кол же бутту ирети менен бүгүп же жазып, андан тышкары, соо жана жабыркаган кол-бутту улам-улам кыймылдатууга аракеттенүү керек. Эгерде кыймыл пайда боло баштаса, аны көбөйтүүгө аракет кылып, күндөн күнгө көбүрөөк кыймыл жасоо талап кылынат. Булчуңдардын күчү жогорулаган сайын резина тасма, эспандер, резина топ менен көнүгүүлөрдү аткаруу сунуш кылынат. Колунан келбей турган көнүгүүлөрдү жасоого тезинен өтүү зыян келтириши мүмкүн. Көнүгүүлөрдүн программасын айыктыруучу физкультуранын методисти түзөт. Начар бут-колдун кыймылын жакшыртуу үчүн ортопедиялык аппараттар пайдаланылат. Айыктыруучу физкультура, массаж, дарыларды берүү, физиотерапия менен бирге жүргүзүлөт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шалдын алдын алуу үчүн ага алып келүүчү ооруларды алдын алуу зарыл. Өзгөчө полиомиелитке каршы эмдөөнү өз убагында жүргүзүүнүн мааниси чоң (кара Эмдөө). Коргошун, мышьяк, сымап менен иштеген өндүрүштө коопсуздук техникасынын эрежелерин колдонуу жана дайыма медициналык кароодон өтүү зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8