Шам

Википедия дан

Шам — үйдүн ичин, караңгы жайларды жарык кылуу үчүн колдонулган тиричилик буюму. "Манас" эпосунда Ш-дын күдөлүк турмушта гана эмес, диндик жөрөлгөлөрдү аткарууда да пайдаланылганы эскерилет. Багыш Сазановдун вариантында Семетейди Букардан Таласка алгач жөнөткөн Каныкей — Ш. жагып шерт кылат: "Балам келгиче уктабай тиктейм, Өчүп калсаң сага шерт, Уктап калсам мага шерт".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4