Шамал алып кеткендер

Википедия дан
Шамал алып кеткендер (тасма), 1939.

"Шамал менен учкан сезимдер" (англ. Gone with the Wind) — америкалык жазуучу Маргарет Митчеллдин романы, алгачкы жолу 1936-жылы басмаканадан чыккан. Америкадагы жарандык согуш жана Калыпка келтирүү доорундагы Жоржия штатынын Клейтон жана Атланта жергелериндеги окуяларды чагылдырат. Колунда бар плантациянын кожоюнунун жаш эрке кызы Скарлетт О'Харанын башынан өткөргөн оор окуясын баяндайт. Ал колунда болгон каражаттын баарын Шермандын кыйратуучу "Деңизге жүрүшүнөн" кийинки жокчулуктан чыгыш үчүн сарптайт. Бул тарыхый роман өсүп жетилүү окуяларын камтып, өз аталышын Эрнест Доусондун поэмасынан алган.

"Шамал менен учкан сезимдер" башынан бери эле америкалык окурмандардын арасында популярдуу болуп, жарык көргөндө эле 1937-жылы америкалык көркөм бестселлер тизмесинде башкы саптан орун алган. 2014-жылга карата Harris компаниясынын сурамжылоосуна ылайык, бул чыгарма Библиядан кийинки эле америкалык окурмандардын эң сүйүктүү китеби болгон. Дүйнө жүзү боюнча 30 миллиондон ашык нускасы басылган.

Кул иштеткен кишинин көз карашы менен жазылган "Шамал менен учкан сезимдер" Американын түштүгүндөгү плантациялар тууралуу ойдон чыгарылган окуя. Кулчулуктун сүрөттөлүшү, африка тектүү америкалыктар, расалык эпитеттердин колдонулушу жана ошондой эле ошол доорго таандык болгон этникалык айыптоолор өзгөчө кийинки муун тарабынан карама-каршы кабыл алынган. Бирок роман кийинки жазуучулар үчүн түштүктөгү кара терилүү жана ак терилүү адамдар тууралуу жазуу боюнча негизги булак болуп калган. Американын жогорку окуу жайларындагы окумуштуулар өз эмгектеринде китепке шилтеме жасап, аны чечмелеп, ал тууралуу изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Роман Американын элдик маданиятына сиңип кеткен.

Митчелл 1937-жылы көркөм чыгармасы үчүн "Пулитцер" сыйлыгына татыган. Китеп 1939-жылы жарык көргөн америка тасмасына ылайыкташтырылган. "Шамал менен учкан сезимдер" Митчеллдин көзү тирүү кезинде басылган жападан жалгыз роман.

Митчелл түс символикаларын, өзгөчө кызыл жана жашыл түстөрүн колдонуп, алар көбүнчөсү Скарлетт О'Хара менен байланыштуу болгон. Митчелл китептин негизги темасын тириликте калуу деп атаган. Бирок ал чыгарманын аягын окурмандын божомолуна калтырган. Сүйүшкөндөр Ретт менен Скарлетке эмне болду деп андан көп сурашкан. Ал: "Менин билишимче, Ретт кыйынчылыгы азыраак болгон башканы таап алса керек" деп жооп берген. Митчеллдин ыйгарым укугу менен дагы эки уландысы жарым кылымдан ашык убакыттан кийин басылып чыгарылган. Китептин пародиясы да өндүрүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]