Шамшиев, Болотбек Төлөнович

Wikipedia дан

Болот (Болотбек) Төлөн уулу Шамшиев - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру. 1941-жылы 12-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган. 1991-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.

Анын атасы Шамшиев, Төлөн - кыргыздын совет доорундагы таанымал акыны болгон.

Болот Шамшиев 1965-жылы "Манасчы" даректүү тасмасын тартат.

1970-жылы "Караш-Караш" ("Караш ашуусундагы атышуу") көркөм тасмасы, 1972-жылы "Ысык-Көлдүн кызыл апийимдери" тасмасы чыгат.

1975-жылы чыккан "Ак кеме" фильми кийинки жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул чыгарма атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестине негизделген.

1980-жылы "Эрте жаздагы турналар" жана 1984-жылы "Бөрү зындан" көркөм тасмасы тартылган.

Кинорежиссер Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевди ХХ кылымдын акыркы үчилтигиндеги кыргыз киносунун берметин түзүүчүлөр катары жогору баалашат. Алардын улантуучуларынын арасында замандашы Дооронбек Садырбаев да болгон.

Эгемен Кыргызстанда (1990-1994) Жогорку Кеңештин депутаты да болгон.

1998-1999-жылдарда Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору болду.

2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен араб эмиратындагы башкы консулу болуп иштеди.

Эмгектери[оңдоо]

"Манасчы", "Чабан", "Караш ашуусундагы атышуу", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме", "Адамдардын арасында", "Эрте жаздагы каркыралар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямага чыгуу" тасмалары.

Шилтемелер[оңдоо]