Шарият
Wikipedia дан
Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандын ж-а сунналардын (үрп-адаттардын) негизинде иштелип чыккан диний-этикалык ж-а укук эрежелеринин жыйындысы. Ш. 7–12-к-да Араб халифатында түзүлгөн. Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары мамл-тин граждандык, кылмыш процессинин укуктар нормасын камтыйт. Ш. ислам мамл-нде – динди туу туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казакстан ж-а Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин таратылышынын натыйжасында пайда болгон. Ш-тын булактары – 1. куран; 2. сунна; 3. кыяс; 4. иджима эсептелинет. Бул булактар диний ж-а динге негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш-тын негизинде укук м-н дин бир түшүнүктө каралат.[1]
[оңдоо] Колдонулган адабияттар
- ↑ А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5