Шер

Википедия дан

Шер (парсча шер — арстан ) — Манасты колдоочу укмуштуу (тотемдик) жаныбарлардын бири; "арстан" термининин толук эквиваленти катары негизги эпитеттердин, салыштыруулардын бири. "Арстан" термининин ордуна кеңири колдонулат (к. Арстан). Мисалы, башка варианттарда арстан деп айтыла бере турган учурларда Сагымбай Орозбаковдун вариантында төмөнкүчө айтылат:

Кабылан болуп бакырып,

Шер болуп бирөө күркүрөп,

Алп кара куш арбайып,

Асмандан буту сарбайып,

Манаска жолдош болуптур (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 571-инв., 238-б.).

Түштүк Сибирдин, Борбордук Азиянын байыркы элдерине Ш-дин образы биздин заманга чейин7—2к-да алдыңкы Азиянын элдери аркылуу белгилүү болгонун археологиялык эстеликтер кабар берет (Мисалы, Пазырык дөбөсүнөн табылган эстеликтерде). Ш. (арстан) Борбордук Азиядагы байыркы түрктөрдүн этнографиясында, тарыхында терең орун алганын тарыхый булактар ырастайт. Көк түрктөр кагандыгын башкы акылман кеңешчиси (кагандан кийинки башкы адам) Тонукөккө арналган таштагы жазуудагы "түрк сир будун" деген этнонимдик аталыштын курамында учурайт. Мында "сир" (шердин байыркы түркчө фонетикалык варианты) көк түрктөрдүн "арстан" деген уруулук аталышынын табу катары жашырылып айтылган парсча эквиваленти. Ушул эле түрк кагандыгынын бийлөөчү уруусу Ашинден кийинки, көрүнүктүү башкы уруу кытай иероглифи менен "Ашиде" деп жазылып келген. Аны транскрипциялап, кайра түркчө калыбына келтиргенде "арстан" болуп чыгат. Ошондой эле Ашиданын уруулук тамгасы арстандын (Ш-дин) стилдештирилген символикалык иероглифи түрүндө берилген. Демек, ал уруунун аталышы өзүнүн тотемдик жаныбары арстандын аты менен байланышкан.

Көк түрктөр сыяктуу эле алардын жакын кошунасы байыркы эне-сайлык кыргыздар "шер" деген термин менен тааныш болушкандыгынын айрым фактылары "Манас" эпосунда бүгүнкү күнгө чейин сакталган. Тоголок Молдонун, М. Мусулманкуловдун жана түштүктөн жазылып алынган варианттарда эпостун башкы каарманы (туулганда коюлган өз аты Ашырбек (фонетикалык варианттары Аширбек). Манас эр жеткенден кийинки мансап аты же жогорку күчтөр тарабынан асмандан коюлган ыйык ысымы. Мындагы "Ашыр" деген терминди байыркы түрк кагандыгынын бийлик башында туруп келген "Ашын" уруусунун тибинде этимологияласа болот (илимде талашсыз чечмеленген): "А" — кытайча "эң мыкты", башкача айтканда эң жогорку нравалуу; моңголчо "шин" ("чин") — "бөрү" тотем жаныбар. Мында көк түрктөрдүн тотеми катары (түпкү теги) эсептелген көк бөрүнүн аты табу катары жашырылып, тергөө үчүн жогорудагыдай башка тилдеги сөз атайы колдонулган. Буга салыштырганда "Ашырдагы" "А" — кытайдын жогоруда биз токтолгон сөзү, "шыр" ("шер", "шир", "ыр", "шир", "шыр") арстандын перси тилиндеги калькалык эквиваленти. Демек, Ашыр — бек, кыргызчалатып түшүнгөндө "эң мыкты, жогорку нравалуу, Арстан — бек" башкача айтканда Манастын тотем-арстан менен байланышкан аты. Байыркы эне-сайлык кыргыздардын каганы тотемдик атты алып жүрүшү салт болгон. Мисалы, 8-кылымдагы кыргыздын эң күчтүү каганынын толук аты Ынанчу Алп Билге — Барс — бек. Мындагы Ынанчу Алп Билге кагандын такка мингендеги аты (түрк-моңгол элдеринде такка минген хан атын жаңыртарын Темучиндин Чыңгызкан атка конушунун мисалынан талашсыз көрүнүп турат).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4