Шерлок Холмс туралуу аңгемелердин персонаждары

Википедия дан

Артур Конан Дойльдун Шерлок Холмс тууралуу аңгемелеринин персонаждары.

Майкрофт Холмс

Шерлок Холмс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Шерлок Холмс

Шерлок Холмс — аңгемелеринин негизги персонажы, сыщик

Доктур Ватсон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Доктур Ватсон

Доктур Джон Ватсон — Шерлок Холмстун досу, ассистенти жана биографы. Конан Дойльдун чыгармаларынын котормолорунда доктур Уотсон катары да аталып келет.

Хадсон ханым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Хадсон ханым

Хадсон ханым — Бейкер-стрит 221В адресиндеги батирдин кожейкеси, улуту шотландка.

Майкрофт Холмс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Майкрофт Холмс

Майкрофт Холмс (англ. Mycroft Holmes) — Шерлок Холмстун бир тууган байкеси, инисинен жети жаш чоң. Ал «Тилчинин окуясы» (биринчи пайда болушу), «Холмстун акыркы изилдөөсү», «Ээнсиреген үйдөгү окуя», «Брюс-Партингтондун чертёжу» аңгемелеринде кездешип же эскерилген. Пэлл-Мэллде батирде турат.

Мэри Морстен (кийинчереек Ватсон)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мэри Морстен (англ. Mary Morstan, 1860 же 1861 жылы төрөлгөн, 1893 же 1894 жылы каза болгон) — доктур Ватсондун жубайы. Биринчи жолу «Төртөөнүн белгиси» чыгармасында Шерлок Холмстун кардары катары пайда болот. Он жети жашына чейин Эдинбургта жеке пансионда тарбияланган. Мэри мурас алып калышы керек эле, бирок акыркы убакта мурас жоголуп кетет. Мурастын жоголуп кеткендиги белгилүү болгондон кийин, Ватсон ага сүйүүсүн билдирет. Кийинчерээк алар үйлөнүүнү чечишет. Буга Холмс өтө эле капалуу болуп калат. Мэри Морстендин өлүмү «Ээнсиреген үйдөгү окуя» аңгемесинде Шерлок Холмс тарабынан эскерилген. Буга чейин Ватсон жубайы менен балалуу болгондугун, бирок баласы да, Ватсон ханым да каза болгондугун (Мэри менен Ватсондо баласы болгондугу жөнүндөгү маалымат китептерде жок, ал англис сайтында http://fanlore.org/wiki/Mary_Morstan пайда болгон. Ал жерде фанаттар Ватсондун жубайы эмнеден өлгөндүгү жөнүндөгү өзүнүн божомолдорун чыгарышкан) айткан. Мэри өлгөн соң Ватсон кайра Бекер-Стритке кайтып келген.

Ирэн Адлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Ирэн Адлер

Ирэн Адлер (англ. Irene Adler) —«Богемия жанжалы» аңгемесинде пайда болгон аял. Холмс, кедейлер менен урушуп жаракат болгон поп катары Адлердин үйүнө кирет. Адлер Холмстун көздөгөнүн билип, качып кетет. Холмс бул изилдөөмдө жеңилдим деп эсептейт (көздөгөнүнө жетсе да). Ирэн Адлер тууралуу: «Бул аял» (the Woman) деп гана айткан. Богемиянын падышасы сунуш кылган сыйлыгынын ордуна, ушул аялдын сүрөтүн алууну каалаган. «Адлер» (нем. Adler) немец тилинен «бүркүт» деп которулат.

Ирэн Адлер «Богемия жанжалы» аңгемесинен тышкары төрт : «Ким экендигин аныктоо», «Көк карбункул», «Апельсиндин беш даана уругу» жана «Анын акыркы саламы» аңгемелеринде эскерилет. Бирок алардын баарында «Богемия жанжалы» изилдөөсүнүн эскерүү гана болгон.

«Богемия жанжалы» аңгемесинде Ирэндин өлүмүнө эскерүү бар. Андан тышкары эч жерде кездешпейт.

Полицейскийлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инспектор Лестрейд[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Инспектор Лестрейд

Инспектор Лестрейд (англ. Mr. Lestrade) — Скотланд-Ярддын детективи. Полицейский сыщиктердин ичинен Холмс тууралуу чыармалардн көбүндө, негизгиси төрт повесттин экисинде («Коркунуч өрөөнү» чыгармасында Алек Макдональд жана «Төртөөнүн белгиси» чыгармасында Этелни Джонс кездешкендерден тышкаркыларында) кездешет. Инспектор өзүнүн ишинин чебери катары көрүп, өзү жөнүндө «укмуш адам» жөнүндөй сүйлөйт.

Тобиас Грегсон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тобиас Грегсон (англ. Tobias Gregson) —Скотланд-Ярддын инспектору. Холмс тууралуу эң биринчи «Кочкул кызыл түстөгү этюд» чыгармасында, «Тилчинин окуясы», «Вистерия-Лодж окуясы» жана «Кызыл шакек» аңгемесинде кездешет. Шерлок Холмс эң биринчи чыгармада:«Грегсон - Скотленд - Ярдтагы эң жөндөмдүү сыщик. Ал жана Лестрейд башка жалкоолордон айырмаланып турушат. Экөө тең шамдагай, активдүү, бирок экөө тең жинге тийчүдөй баналдуу. Бири-бирине кас. Ийгиликке кыздар сулууланганга шашкандай тартышышат. » - деп Грексон жөнүндө айткан. Грексон: «узун, сары чачтуу, ак жүздүү адам катары сүрөттөлөт». Баары болуп Грегсон Конан Дойльдун Холмс тууралуу 4 чыгармасында кездешет.

Этелни Джонс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этелни Джонс — полиция инспектору. Холмс тууралуу «Төртөөнүн белгиси» чыгармасында кездешет. Кайсы адам болбосун баарын адам өлтүргүч катары карай берет. Шерлок Холмсту жактыра бербейт. Аны татыктуу конкурент катары эсептейт. Бирок Холмстун жардамын колдонот. Көп деле акылдуу эмес. Китепте аны:

...бөлмөгө оор басуу менен, семиз, боз кийимчен адам кирип келди. Анын кызыл, эттүү бетинин шишиңки тарткан ирмөөчтөрүнүн арасынан кичинекей жылтыраган көздөрү карап турду.

Инспектор Брэдстрит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инспектор Брэдстрит (ошондой эле которууларда Бродстрит варианты кездешет, англ. Inspector Bradstreet) — Скотланд-Ярддын детективи. Конан Дойльдун Холмс тууралуу - Инженердин бармак башы, Көк карбункул жана Эрди жарадар адам аттуу үч аңгемесинде пайда болот. Акыркы аңгемеде «бийик оор басырыктуу адам» катары сүрөттөлгөн.

Стэнли Хопкинс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стэнли Хопкинс (англ. Stanley Hopkins) —Скотланд-Ярддын жаш детективи. Конан Дойльдун Холмс тууралуу «Шерлок Холмстун кайып келүүсү» чыгармалар жыйнагына кирген үч аңгемесинде катышат.

Хопкинс 1894-жылы болуп жаткан «Алтын алкактуу пенсне» аңгемесинде пайда болот. Ал жөнүндө «жаш, үмүт туудурган детектив», аткарган кызматына Холмс кызыккан сыщик катары көрсөтүлөт. 1895-жылы болуп жаткан «Кара Питер» аңгемесинде доктур Ватсон Хопкинсти сүрөттөп жаткан учуру:

« «К нам вошёл худощавый, подвижный человек лет тридцати. На нём был скромный шерстяной костюм, но его выправка свидетельствовала о том, что он привык носить военный мундир. Я сразу узнал Стэнли Хопкинса, молодого инспектора полиции, который, по мнению Холмса, подавал большие надежды. Хопкинс, в свою очередь, считал себя учеником знаменитого сыщика и восхищался его научными методами». »


1897-жылы болуп жаткан «Эбби-Грэйнджтеги өлтүрүү» аңгемесинде Холмс, «Хопкинс мени жети жолу чакырган, бирок мени бекеринен чакырган бир да учур болгон эмес» деп айткан.

Каршылаштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Мориарти

Себастьян Моран[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Себастьян Моран
Себастьян Морандини камакка алуу учуру

Себастьян Моран (англ. Sebastian Moran, 1843 жылы Лондондо төрөлгөн) — Лондодогу кооптуу адамдардын арасындагы профессор Мориартиден кийинки экинчи адам. Эс алуудагы полковник, Индия армиясынын мурунку офицери. Бириничи сапёр бангалорск полкунда кызмат өтөгөн.

Бани орденинин кавалери, британиян Персиядагы мурунку элчиси сэр Огастес Морандын уулу. Итонск коллежин жана Оксфорд унивеситетин бүтүргөн.

«Батыш Гималайдагы чөн жырткычка аңчылык» (1881) жана «Жунглидеги үч ай» (1884) китептеринин автору.

Сэр Рональд Адэрдин өлтүрүүчүсү. Шерлок Холмстун өмүрүнө кол салып, бирок сыщиктин акылдуулугу менен камакка алынган.

Жон Гарднердин «Мориартинин кайтып келүүсү» романында да кездешет. Романда Холмс аны камаган соң, Мориартинин буйругу менен уу берилип өлтүрүлгөн.

Профессор Мориарти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Профессор Мориарти

Профессор Жеймс Мориарти (англ. Professor James Moriarty) — күчтүү кылмыш тобунун башчысы, кылмыштуу дүйнөнүн генийи.

Шерлок Холмстун кардарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгилүү сыщиктин кардарлары эң кедейлерден падышаларга («Богемия жанжалы») чейин болгон. Көп учурда Холмс терезенин жанында туруп, кардарларын алдын ала көрөт. Аларга доктур Ватсондун көңүлүн буруп, алардын Бейкер-Стрит 221б үйүн издеп жаткандыгын айткан. Холмс кардарынын жагдайынын табышмагын тапкан соң, ал кызыксыз болуп калып ал кардарына көнүл бурбайт.