Шизофрения

Wikipedia дан

Шизофрения — адатта өнөкөткө өтүүчү психикалык оору.

Оорунун пайда болуу себеби белгисиз, кээде тукум куугучтугу байкалат. Шизофрениянын формасына жараша психикалык түрдүү (жөөлүмө, галлюцинация, делбеленме, жалдырама жана башкалар) дартка чалдыгуу байкалат. Анын алгачкы белгилерин дароо ажыратуу кыйын, анткени ал башка психикалык ооруларга окшош. Бирок барган сайын психика туруктуу өзгөрүүгө дуушар болот, башкача айтканда адамдын кулк-мүнөзү өзгөрөт. Бул Шизофрениянын мүнөздүү белгиси. Анын үстүнө оорунун белгилери анын формасына, жаңы башталышы же өтүшүп кетишине, оорунун дайыма же мезгил-мезгили менен кармашына жараша болот. Оору алгач кармай баштаганда адам түнт болуп, сүйлөөгө көңүлү чаппай камыгат, окууга, иштөөгө, жакындарынын, досторунун жашоосуна, саламаттыгына, иштерине кайдыгер мамиле кылат. Оорулуу мурда өзү кызыкпаган нерсеге же билимге (математика, дин, философия, коллекция жыйноого) берилип кетүүсү менен айланасындагыларды таң калтырат. Мурда кызыккан нерселерге эми алар кайдыгер карашат же тескерисинче, болор-болбос нерсеге алектенишет. Айрымдары өзүнүн тышкы кебетесине көңүл бурбай, жүдөө жүрөт, кээси элирип, шашма болушат, тунжурап ойго батышат, бирок оюн эч ким менен бөлүшпөй, өзүнчө күйпөлөктөп бир иш бүтүрүп жаткансып жүрүшөт. Көп учурда алар берилген суроого узак, чаржайыт жооп берип, ыгы жок акылдуусунуп сүйлөйт. Мындай өзгөрүү айрым оорулууларда тез, айрымдарында акырындап пайда болот. Оорунун көрүнүшү ар түрдүүчө болгондуктан III. диагнозун дарыгер-психиатр гана коё алат. Оорулууну туура жана ийгиликтүү дарылоо, ага эмгектенүүнүн жана эс алуунун туура режимин түзүп берүү үчүн диагнозду өз учурунда коюу зарыл. Оорунун себеби белгисиз болгондугуна карабастан, аны дарылоого болот. Азыркы учурдагы психиатрия Шизофрениянын бардык формаларында таасир берүүчү дарылоо методдоруна (дары каражаттары, психотерапия, эмгек менен дарылоо) ээ. Бул оорулуулардын оорусу кармабаган учурда эмгекке жөндөмдүүлүгү сакталат, үйдө жашап психиатрдын байкоосунда болушат. Оорулуунун абалын, аны амбулаториялык дарылоо же ооруканага жаткыруу зарылдыгын, ооруканада болуу мөөнөтүн дарыгер гана аныктай алат. Өз алдынча дарылануу көп учурда ооруну күчөтөт. Дарылануудан баш тартканда оору күчөп, оорулуунун өзү жана анын жакындары үчүн коркунуч келтириши мүмкүн.

Оорулуу адис дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш жана анын бүт көрсөтмөлөрүн сактоосу зарыл.

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер[оңдоо]