Шовинизм

Wikipedia дан

Шовинизм - (фр. chaufinisme, Наполеон Iнин басып алуучулук саясатын жактаган солдат Шовиндин ысымынан) – улутчулдуктун ашынган формасы. Ш. улуттук артыкчылыкты даңазалап, өз улутунун кызыкчылыктарын башка улуттардыкынан жогору коюп, улуттук негизде көрө албастыкты, келишпестикти күчөтөт. 1831-ж. Францияда бир тууган драматургдар Коньярлардын «Үч түстөгү кокарда» аттуу пьесасы жарыкка чыккандан кийин Ш. термини жаралган. Пьесанын башкы каарманы агрессивдүү мүнөздөгү аскер болгон. Анын прототиби реалдуу инсан – наполеондук гвардиянын ардагери , «улуу Франция» идеясына берилген Никола Шовин болгон. Ошондон баштап Ш. ашынган улуттук экстремизмди билдирүүчү түшүнүк катары кирди. Ш-дин дагы бир түрү – улуу державалык Ш. Ал мамл-те башкы (державалык) абалга улуттун идеологиясы ж-а саясаты ээ дегенди билгизет. Бул өзгөчө көп сандуу элдерге мүнөз-дүү. Улуу державалык Ш- дин башкы максаты улуттарга саясий, экон. ж-а маданий үстөмдүк жүргүзүү. Ш-дин тарыхтагы ашкере түрү – фашизм. Ш-ди жоюу үчүн улутуна карабай адамдын укуктарын ж-а эркиндиктерин теңчиликте кармап; экон., саясий ж-а маданий чөйрөлөрдө бардык граждандарга бирдей мамиле камсыз кылуу зарыл.[1]

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  1. А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 435-б. ISBN 5-89750-150-5