Шок

Википедия дан
Шок
ЭОК-10 R57 57.
ЭОК-9 785785
DiseasesDB 12013 12013
MedlinePlus 000039 000039
eMedicine med/531  med/285med/285 emerg/533emerg/533 med/531  med/285med/285 emerg/533emerg/533
MeSH D012769 D012769

Шокорганизмдин өтө катуу таасирге реакция катары пайда болгон өмүргө коркунучтуу абалы. Нерв жана эндокрин системасынын, кан айлануу, дем алуу жана зат алмашуунун бузулушу менен мүнөздөлөт. Шок травмада, күйүктө, кан тобу туура келбеген канды куйганда, жүрөктүн иши начарлаганда, кан көп кеткенде жана башкалар пайда болот. Травмадан шок болгондо адамдын тынчы кетип, өңү кубарат, өзүнүн оор абалын сезбей кээде туруп кетет. Акыл-эси сакталганы менен бара-бара маанайы пас болуп, айланага кайдыгер карайт, ооруну сезүү азаят же такыр эле сезбей калат, денеси муздайт, муздак тер басып, тез-тез үстүртөн дем алат, суусайт, кээде кусат. Күйүктөн болгон шок өтө оор өтөт. Шокту алдын алуу үчүн медициналык тез жардам чакырып, ал келгенче биринчи жардам көрсөтүү (мисалы, күйүп жаткан кийимин өчүрүү, басып калган нерседен бошотуу), кан агууну токтотуу, жабыркаган кол-бутту таңуу, оозду кан, кусундудан тазалап, керек болсо жасалма дем алдыруу керек. Тийиштүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин тезинен ооруканага жеткирүү зарыл.

Анафилаксиялык шок[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анафилаксиялык шок киши көтөрө албаган заттар, анын ичинде дары каражаттар оор аллергиялык реакция чакырган учурда пайда болот (к. Аллергия). Ага көбүнчө пенициллин, стрептомицин, жабыркаган жердин оорусун басаңдатуучу каражаттар, селеймеге каршы кан сары суусу, вакциналар себеп болот. Мында жүрөк айланып кусат, кан басымы өтө төмөндөйт, тез-тез үстүртөн дем алат, кээде эстен танат. Көп учурда териге бөрү жатыш чыгат, кээде дары куйган жер шишип чыгат. Айрым учурда үн байламтасы шишип, деми кыстыгып, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Мындай Шоктун белгиси байкалар замат врач чакырып, ал келгенче бутун бийигирээк көтөрүп, капталынан жаткыруу керек. Дарыдан болуучу Шокту алдын алуу үчүн врачтын сунушусуз эч кандай дарыны ичүүгө болбойт. Эгерде дары кабыл алууда көтөрө албаганын байкаса, врачка билдирген оң.

Кардиогендик шок[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кардиогендик шок миокарддын инфарктынын өтө коркунучтуу кабылдоосу. Мында жүрөк туш өтө катуу ооруп, алы кетет, кубарат, эриндери көгөрөт, колу-буту муздап, муздак тер басат, анан эсин жоготот. Мындай шокто врач келгенче оорулууну өтө тынч кармаш керек. Эмоциялык Шок күчтүү нерв жана психикалык бузулуу менен коштолот. Бул учурда оорулуунун кылык-жоругу өзгөрүп, тынчы кетет, кыйкырып, ыйлайт, кээде өзүн өзү жабыркатып алышы мүмкүн. Эмоциялык шок кээде талма менен аяктайт (кара Истерия). Мындай учурда ал жердеги кишилерди азайтып, оорулуу өзүн жабыркатып алуучу ар кандай буюмдарды катып, аны тынчтандыруу керек. Оорулууну урушуп, коркутуп жана алдоодон пайда жок. Ага сылык, жумшак мамиле жасоо зарыл.

Гемотрансфузиялык шок[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гемотрансфузиялык шок оорулууга сыйышпас канды куйгандан болот. Бул шокту болтурбоо үчүн кан куюудан мурда кан топторун аныктоо жана башкалар изилдөөлөр жүргүзүлөт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8