Шоколад

Википедия дан

Шоколад — какао даны кошулуп жасалган кондитердик продукт. Шоколадды курамына жараша ачуу , сүттүү жана ак шоколад деп бөлүшөт. Диабеттик да түрлөрү бар. Ошондой эле, шоколад азыктарында жыт күчөткүч кошумчалар :(кофе, спирт, коньяк, ванилин, калемпир), азык кошумчалар: (мейиз, жаңгак, вафли, цукат) же туурамжылар (начинка) болушу мүмкүн.

Шоколаддын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шоколад курамына карата төмөнкүдөй бөлүнөт:
Ачуу шоколад – Какаонун өлчөмү кант пудрасына караганда көбүрөөк болот. Буга какао майы да кошулат.
Ак шоколад – Кант пудрасына какао майы гана кошулат (какао кошулбайт).
Сүттүү шоколад – Какао, кант пудрасы менен кошо кургак сүт (же коюлтулган сүт) көбүрөөк өлчөмдө кошулат.
Диабеттик шоколад – Какао, какао майы жана кант пудрасынын ордуна кантты алмаштыруучу сорбит, ксилит, маннит же изомальт кошулуп жасалып, кант диабети менен ооруган адамдарга сунушталат.
Майда тешиктүү (пористый)шоколад – Десерттик шоколад массасынан жасалат. Суюк түрүндө атайын вакуум идиштерге салып, 40 градус ысык температурада 4 саат кармаганда көбүкчөлөрү чоңоюп, майда тешиктүү болуп калат.
Упа түрүндөгү шоколад – Кант пудрасы менен упаланган какао кошулган түрү. Айрым учурда сүт азыгы кошулат.
Айткандай, какаого жер жаңгак, бадам, мейиз, имбирь жана башкаларды кошуп даамдуу, өзгөчө шоколаддарды да жасоого болот.

Аталыш этимологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Божомолдордун биринде «шоколад» сөзү ацтектердин «xocolātl» («чоколатль») деген какао данынан жасалган суусундуктун аталышынан келип чыккан. Сөзмө-сөз «ачуу суу» (науатль xocolli — «ачуу», ātl — «суу») болуп которулат.

Азыркы заманбап какао-суусундугунун курамы болсо : какао, майда какао, сүт, кант, корица, ачуу калемпир жана чанда ванилден турат.

Шоколаддын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шоколаддын мекени — Борбордук жана Түштүк Америка. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.
Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

Туура тандоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Чыгарылган датасына көңүл бөлүңүз! Консерванттар аз кошулган жакшы шоколад жарым жылга чейин гана өз сапатын жоготпойт. Ичинде атайын суюктугу (мисалы, коньяк) бар шоколаддарды 4 айга, ал эми ичине мөмө-жемиш салынгандарды 60 күнгө гана сактоого болот.
• Дүкөндө коюлган жерине маани бериңиз. Шоколад башка жытты өзүнө сиңирип алуу касиетине ээ. Эгер анын жанында самын, айна же косметикалык каражаттар турса, башка дүкөндөн алганыңыз оң.
• Курамы менен таанышып чыгыңыз. Какао же какао майы бар болсо, бул чыныгы шоколад. Анын ордунда өсүмдүк майы колдонулса, анда бул таттууну шоколад деп айтуу кыйын.
• Шоколадды сактоонун оптималдуу температурасы 18 градус. Андыктан муздаткычта сакталган болсо, албай эле койгонуңуз оң.

Пайдасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Жүрөк, кан тамыр ооруларынын алдын алат. Инфаркт, инсульт ооруларында пайдалуу. Анткени шоколаддагы биологиялык кошулмалар аспириндин ролун аткарат. Башкача айтканда, кандын коюланып, кан тамырда уюп калбашын шарттайт.
• «Бакыт гормону» болгон серотонинди көбөйтөт. Депрессияны айдап, маанайды жакшыртат.
• Курамында кальций болгондуктан, тишти жана башка сөөктөрдү бекемдейт.
• Курамындагы фосфор менен магний мээни азыктандырып, клеткаларды жаңылантат.
• Шоколаддын курамындагы какао майы терини серпилгич кылып жашартат, андыктан сулуулук салондорунда колдонулуп, денеге жабылат. Какао майы ошондой эле денедеги кесилип, тилинип калган жерди тез айыктырат.
• Аялдардын айызы келгендеги оорутууну басаңдатат.
• Сексуалдуулукту күчөтөт.

Зыяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Бетке безеткинин чыгышын шарттайт.
• Көп жегенде уйкусуздукту жаратышы мүмкүн.
• Шоколадды көп өлчөмдө жесе семиртет. Бир күндүк норма 25 граммдан ашпаш керек.
• Таттууга көз карандылыкты пайда кылат.
• Айрымдарда аллергияны жаратышы ыктымал.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• 13-сентябрда эл аралык шоколад күнү белгиленет.
Германиянын Кёлн, Орусиянын Покров, Бельгиянын Брюгге шаарларында шоколад музейлери, Покров шаарында шоколаддын урматына тургузулган айкел бар.
АКШда ичинде оюнчук катылган шоколад жумурткаларды – «Киндер-сюрприздерди»сатып алууга мүмкүн эмес. Анткени ал өлкөдө «жегенге мүмкүн болбой турган нерселерди азыктын ичине салууга болбойт» деген мыйзам бар.
Япониялык окуучулар арасында сынак астында «Kit-Kat» шоколадын жемей ырымы бар. Себеби ал «китто кацу» (сөзсүз жеңишке жетүү) деген сөзгө уйкаш.
• "Гиннесстин рекорддор китебинде" Улуу Британияда даярдалып, салмагы 6 тоннага жакын шоколад катталган (5 792,5 килограмм).

Маалымат булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Super инфо” гезити, №533 18-24-январь, 2013-жыл

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Супер Инфо гезити