Шор

Википедия дан
Шор.

Шор – жер кыртышынын үстүнкү бетин каптаган ак кеберлер. Составында оңой эрий турган туздар 15%ке чейин кездешкен суулар бууланганда шор пайда болот. Көбүнчө чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактарда кездешет.

Шор, соолуган туздуу тайыз көлдөрдүн ордунда да пайда болот.

Кыргызстанда шор жерлер – Чүй, Нарын өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда да бар.

«Шор» термини Орто Азияда, Казакстанда жана Закавказьеде кеңири таралган.

Орусча чыккан адабияттарда «солончак» деп аталат.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]