Шрифт

Википедия дан

Шрифт, арип (немисче schrift – кат, кол жазма) – чыгарманын тексттик элементтеринде сүрөтчү колдонуучу (китептин мукабасында, плакатта жана башкалар) композициялык сүрөттүн тамгалар менен белгилеринин ички шартталган биримдиги, белгилүү бир мүнөзү. Курулушу, жайгашышы жана жалпы принциптери боюнча эркин болуу менен көркөм графиканын Ш-тери бир учурда кыйшаюусуз мыйзам ченемдүү; графикалык композициянын элементи катары ал идеялык-образдык ойду ачып көрсөтүүгө катышат жана көркөм жасалгалоонун конкреттүү милдеттери менен тыгыз байланышта болот. Типографиялык Ш. – атайын металл эритиндилеринен даярдалган (адатта сүрөтчүнүн эскизи боюнча аткарылган) текстти басмага терүү үчүн керек болгон белгилер менен тамгалардын стандарттык жыйындысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]