Ыйман

Википедия дан
Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар (﴾ﷺ﴿) •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Ыйман сөздүк маанисинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыйман сөздүк маанисинде (إيمان) иймаан деген – ишенүү – дегенди билдирет. Бир уңгудан чыккан сөздөр (أمن) “амн” аманатчылык, бейкуттук; (أمين) “амиин” чынчыл, ишенүүгө татыктуу адам; (أمانة) “амаана” аманат. Демек “Ыйман” деген сөздүн мааниси ишенүү, аманатка бекем болуу дегенди камтыйт.

Шариаттагы терминдик маанисинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыйман деп – тил менен айтуу, жүрөк менен бекем ишенүү, дене мүчөлөрү менен амал кылуу.

Ыймандын жетимиштен ашык бутагы бар. Алардын эң жогоркусу - «Ла илаха иллаЛлах» сөзүн айтуу, эң төмөнкүсү - жолдон адамдарга зыян тийгизүүчү нерселерди алып таштоо, ошондой эле уялуу да – ыймандын бир бутагы.

Ыймандын алты түркүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1)	Аллахка ыйман келтирүү;
2)	Периштелерине ыйман келтирүү; 
3)	Китептерине ыйман келтирүү;
4)	Элчилерине ыйман келтирүү; 
5)	Акырет күнүнө ыйман келтирүү;
6)	Тагдырга, анын жакшылыгы менен жамандыгына ыйман келтирүү.

Ушул алты түркүккө далил - Аллах Тааланын сөздөрү:

Жакшылык бир гана жүздөрүңөрдү чыгыш менен батышка каратууңарда эмес, бирок (нагыз) жакшылык – ким Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке жана пайгамбарларга ыйман келтирсе...[1] (Куран, Бакара 2:177)

Тагдырга ыйман келтирүүнүн далили - Аллах Тааланын сөздөрү: «Ырасында, биз ар бир нерсени тагдыр (өлчөм) менен жараттык» (Куран, Камар 54:49)

Сүннөттөн далил болсо Жебреилдин узун белгилүү хадисинде келтерилген.

Ыйман өсөт жана азаят[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыйман жакшы, сооп иштерди кылуу менен күчөёт, жаман, күнөө иштерди кылуу менен азаят.

Ыймандын осушуно далил Аллахтын бул сөздөрү: “Чынында, ыймандуу адамдарга Аллаhты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт. Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.” (Куран, Анфаль 8:2) Ыймандын өсүшү жана азайышынын далилдерин бул макаладан кененирээк окуй аласыз.

Ыйман менен Исламдын айырмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дининин мартабаларына келсек алгач адам Исламды кабыл кылат, кийин ыйманы күчөгөндө экинчи мартабасы Ыйманга келет, анан гана үчүнчүсү Ихсан даражасына чыгат.

Эгер Ислам-Ыйман эгер экөө бир айтылса - Ислам деп көбүнчө мусулман адамдын дене мүчөлөрү менен аткарчу сырткы амалдарды айтабыз (намаз, орозо, зекет, ажылык); ал эми ыйман деп жүрөк менен ичтен аткарылчу амалдарды айтабыз (Аллахка, Акыретке, Анын периштелерин ж.б. ишенүү).

Эгер экөө эки бөлөк айтылса анда Ислам менен Ыймандын мааниси чогу түшүнүлөт.

  1. Жакшылык бир гана жүздөрүңөрдү чыгыш менен батышка каратууңарда эмес, бирок (нагыз) жакшылык – ким Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке жана пайгамбарларга ыйман келтирсе...