Ысык чыгуу

Википедия дан

Ысык чыгуу — көп тердөөдөн жана тердин жай бууланышынан пайда болгон тери оорусу.

Адатта оору эмчектеги жана ымыркай балдарда көп байкалат. Баланы тумчулап ороп, жылуу кийинтүү түрткү болот. Чоң кишилерде көп тердөө, ысытма менен коштолгон айрым жугуштуу ооруларда, жылытуучу компресс койгондо, өтө толуп кеткенде пайда болот. Мында түссүз суюктукка толгон майда чыбырчыктар балдардын аркасына, мойнуна, колтугуна, ал эми чоң кишилердин эмчек астына, чаткаякка чыгат. Ысык кызарып, шишийт жана күңүрт суюктукка толгон ыйлаакчаларга айланат. Ал күчөгөндө тери сууланып сезгенет. Организми начарлаган балдарда ысык чачтын арасына чыгып, кабылдап кетсе теринин ириңдүү оорусун пайда кылат.

Дарылоо врачтын көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт. Мындай учурда үйдү бат-бат желдетип, аба ваннасын кабыл алуу, марганцовка кошулган сууга (ваннага) түшүү, андан кийин теринин бүктөөлөрүнө толук сээп же күн карама майын сыйпоо пайдалуу. Терчилдер синтетика кийимди кийүүгө болбойт, анткени андан аба өтпөй, көбүрөөк тердейт.

Ысык чыгуунун алдын алуу үчүн денени тердетпей, ич кийимди убагында алмаштыруу талапка ылайык. Ысыкта кебез кездемеден тигилген кийим кийүү сунуш кылынат. Тердегенде 1—2%түү салицил эритмеси, бор спирти же спирттүү лосьон менен терини сүртүү керек. Кичине балдарды анча тумчулап жылуу оробой, кийинтпей алып жүргөн жакшы. Аба жана суу ваннасын такай жасоо пайдалуу (кара Эмчектеги бала).


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8