Эвдемонизм

Википедия дан

Эвдемонизм (гр. endamonia – ырахмат) – ырахмат, багытты бардык умтулуулардын ички жүйөсү жана максаты деп караган этикалык багыт. Эвдемонизмдин жактоочулары рухий жана дене мүчөсүнүн жөндөмдүүлүгү эч тоскоолдуксуз өнүгүп, бул жөндөм-дүүлүктөрдүн ар тараптан өнүктүрүү аркылуу өзүнө жана башкаларга ырахат тартуулай билген адамды бактылуу да, ошол эле учурда нарктуу да деп эсептешкен. Ошондо гана адам өз замандаштарынын урмат-сыйына жана урпактардын даңктап эскерүүсүнө арзыйт. Эвдемонизмдин өкүлдөрү – Сократ, Эпикур, Спиноза, Лейбниц, Шефтсбери, Фейербах, Штраус, Зигварт, Дюринг, Зидвик, Х. Бехер, Спенсер ж. б. Ошондой эле көбүрөөк сандагы адамдарды көбүрөөк бакытка жеткирүүгө умтулган социалдык эвдемонизм багыты да кеңири таралган (кара; Бентам). Айрым алынган индивиддин бардык асыл сапаттары ушул максатка кызмат кылгандыгы үчүн гана маани-маңызга ээ болот. Мамлекет, анын бардык институттары, иш-чаралар менен мыйзамдар да ушул бийик максатка жетүүнүн каражаттары болуп саналат. Социалдык мүнөздөгү эвдемонизм утилитаризмге айланып кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9