Эволюциялык окуу

Wikipedia дан
Бир жумурткадан пайда болгон эгиздер. Эки баланын плацентасы бир (стрелка менен көрсөтүлгөн).
Эки жумурткадан пайда болгон эгиз. Эки баланын плацентасы ар башка (стрелка менен көрсөтүлгөн).

Эволюциялык окуу — тирүү табияттагы тарыхый өөрчүү (эволюция) жөнүндөгү түшүнүктөрдүн жыйындысы. Эволюциялык окуу ошондой эволюцияга багыт берүүчү факторлордун жана организмдердин айрым топтору менен бүткүл органикалык дүйнөнүн тарыхый өөрчүшүнүн (филогенездин), ошондой эле организмдин жеке өөрчүү закон ченемин изилдейт. Эволюциялык окууга тиричиликтин жана кишинин пайда болушу жөнүндөгү концепциялар кирет.

Пайда болушу[оңдоо]

Тиричиликтин өөрчүшү жөнүндө эң алгачкы түшүнүктү Байыркы Греция менен Рим философдору (Демокрит, Аристотель, Лукреций жана башкалар) берген. Орто кылымда бүт табият туруктуу, өзгөрбөйт деген диний көз караш үстөмдүк кылган. 15—18-кылымда географиялык ачылыштарга байланыштуу өсүмдүк жана жаныбарлардын көп түрдүүлүгү жөнүндө маалыматтар чогулуп, натыйжада систематика жана салыштырма анатомиянын калыптанышына көмөк болду. Органикалык дүйнөнүн систематикасын түзүүчүлөрдүн бири Швед натуралисти К. Линней болгон. Ал өзүнүн эмгектеринде түр пайда болуу жөнүндө алгачкы түшүнүктөрдү берген. 18-кылымдын экинчи жарымында көпчүлүк окумуштуулардын табияттын өөрчүшү боюнча түрдүү гипотезалары табият таануу илиминин өөрчүшүнө оң таасир берген. Табияттын мыйзамдарын материалисттик жактан түшүнүүдө франциялык материалисттер Ж. Ламетри, Д. Дидро, К. Гельвеций, орус илимпоздору М. В. Ломоносов, А. Н. Радищев чоң салым кошкон.

Тирүү организмдер жөнүндө[оңдоо]

Тирүү организмдердин эволюциясы жөнүндө бирдиктүү теорияны түзүүгө алгачкы аракетти франциялык зоолог Ж. Б. Ламарк жасаган. «Зоологиянын философиясы» (1809) деген эмгегинде түрлөр өзгөрбөс жана түбөлүктүү деген идеяга каршы ойлорун айткан. Табият илиминин ар кандай тармактарындагы ачылуулар Э. о-ну толуктаган. Ага Ж. Кювье, Г. Лайел, Т. Шванн, К. М. Бер, К. Ф. Рулье жана башкалар илимпоздордун эмгектери кирет. Англиялык окумуштуу Ч. Дарвин (1809—1882) эволюциянын негизги кыймылдаткыч факторлору тукум куугучтук, өзгөргүчтүк жана табигый тандалуу деп эсептеген. Тукум куума өзгөргүчтүктөн керектүү жана керексиз белгилери пайда болот. Ал белгилер жашоо үчүн болгон күрөштө организмдин жеңип чыгышына жардам берсе (пайдалуу болсо) алар табигый тандалууда бекемделип, жаңы түрдүн пайда болушуна мүмкүндүк берет. Зыяндуу (пайдасыз) белгилер табигый тандалууда жок болот. Демек чөйрөгө ыңгайланбаган организмдер жоголуп, ыңгайлангандар жашап кетет да, өзүнөн кийин тукум калтырат. Ошентип алардын белгилери укумдан тукумга сакталат. Биологиянын андан ары өсүшү Ч. Дарвиндин теориясынын негизги жоболору туура экендигин далилдеди; «дарвинизм» менен «Э. ошондой» терминдери синоним болуп калды. Дарвинден кийин Эволюциялык окуунун теориялык негизин өнүктүрүүдө орус окумуштуулары В. Ошондой Ковалевский, И. М. Мечников, О. А. Ковалевский, А. Н. Северцов, И. И. Шмальгаузен салым кошкон.

Азыркы эволюция[оңдоо]

Азыркы Эволюция ошондой тукум куугучтун материалдык негизин ачкан генетиканын жетишкендиктерине негизделген. Эволюциянын алгач кадамы узак убакыт бою белгилүү аймакта жашап, бирбири менен аргындашкан бир түрдөгү особдордун жыйындысы — популяцияларда байкалат. Популяциянын тукум куума өзгөрүүлөрүнүн негизин мутациялык өзгөргүчтүк түзөт. Мутациялар кандай гана болбосун клеткаларда, анын өөрчүшүнүн ар кандай стадиясында (кадимки шартта жана кандайдыр бир физикалык же химиялык факторлордун таасиринен) пайда болот. Эволюция процессинде мутациялардын ролун көрсөтүүдө С. С. Четвериков, Н. И. Вавилов, И. И. Шмальгаузендин илимий изилдөөлөрү чоң роль ойногон.

Кишинин иш-аракети менен байланыштуу болгон кээ бир табигый популяциялардын өзгөрүүлөрүн изилдөө чоң мааниге ээ. Мисалы, вирустардын бактериялардын жана башкалар микроорганизмдердин популяциясын генетикалык жактан изилдөөлөрдө антибиотиктер менен сульфаниламиддердин таасиринен бул формалардын тез өзгөрүшү жана ал дарыларга туруктуу штаммдардын пайда болушу байкалган. Зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүүдө инсектициддерди пайдалануу уулардын таасирине туруктуу курт-кумурскалардын пайда болушуна алып келди.

Азыркы Эволюциялык окууда кишинин популяциясын генетикалык анализдөө чоң роль ойнойт. Кишинин популяциясынын генетикалык өзгөчөлүгү — кишинин эволюциясында табигый тандалуу негизги фактор болбой калган. Бирок, кишинин генетикасы тукум куума оорулардын таралышын анализдөөдө, тукум куугучтукка радиациянын жана башкалар физикалык, химиялык факторлордун таасирин баалоодо маанилүү. Эволюциялык окуунун мындан аркы өөрчүшү популяциялык генетиканын жетишкендиктери менен байланыштуу болмокчу.

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8