Евро
Евро | ||
---|---|---|
| ||
Коддор жана белгилер | ||
ISO 4217 коддору | EUR | |
Курстар 27 февраль 2011-жылга көрсөтүлгөн | ||
1 KGS | = 0,7233 EUR | |
1 EUR | = 0,2499 EUR | |
1 GBP | = 1,1677 EUR | |
1 JPY | = 0,01524 EUR | |
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | ||
Евро — Европа союзуна (ЕC) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү валютасы. 2007-жылдын 1-январына карата Экономика жана валюта союзунун (ЭВC) мүчөлөрүнүн – 13 мамлекеттин (Австрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия) жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты. Ар бир мамлекет еврого өтүүдө бирдей критерийге жооп берүүгө‚ башкача айтканда инфляциянын деңгээли 2‚6%тен‚ мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3%тен‚ ал эми жалпы мамлекеттик карыз ички дүң продуктунун (ИДП) 60%инен ашпоого тийиш. Проценттик ставканын жана валюта курсунун мүмкүн болуучу олку-солкулук чеги да белгиленген. Европа борбордук банкы 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500 Е. жана 1, 2, 5, 10 цент тыйынын 1, 2 евро тыйынын чыгарат. Банкноттор жана тыйындар ЭВС катышуучулары болгон өлкөлөрдө чыгарылат. Бирдиктүү валютаны киргизүүнүн шарттары ЭВCке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жакындатууга шарт түзөт. Евро Кыргызстанда да колдонулат.
Банкноттор[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Банкноттордун биринчи сериясы (2002-жыл)[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Номиналы (евро) |
Сүрөтү |
---|---|
5 | |
10 | |
20 | |
50 | |
100 | |
200 | |
500 |
Банкноттордун экинчи сериясы (2013-жыл)[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Номиналы (евро) |
Сүрөтү |
---|---|
5 | |
10 | |
20 | |
50 | |
100 | |
200 |
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Heiko Otto: Евро - Банкноттор жана акча кайрылуунун тарыхы (de,en). Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2017. (нем.) (англисче)
Постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн акча бирдиги | |
---|---|
Жүгүртүүдө | Армения драмы · Азербайжан манаты · Белоруссиялык рубль · Грузия лариси · Евро (Эстония, Латвия, Литва) · Казак теңгеси · Кыргыз сому · Молдован лей · Орусия рубли · Тажикистан сомони · Түркмөн манат · Украина гривны · Өзбек суму |
Жүгүртүүдөн чыккан | Грузиялык купон лари · Латвиялык лат · Латвиялык рубль · Литовтык талон · Литовтык лит · Молдован купон · Советтик рубль · Тажик рубль · Украина карбованец · Эстониялык крону |