Эгемберди Эрматов

Википедия дан
Эгемберди Эрматов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Эгемберди
Туулган жылы: 10.07.1951-жыл
Туулган жери: Очок Таш, Пум айылы, Кадамжай району, Ош облусу, Кыргыз ССРиТалас облусу
Өлгөн жылы: 24.01.2017 жыл
Сөөгү коюлган жери: Очок Таш,Пум айылы, Кадамжай району, Баткен облусу, Кыргыз Республикасы
Өлкө: СССР Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, драматург, журналист, котормочу
Наамдары: Кыргыз Республикасынын эл акыны,Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1979-2017

Эгемберди Эрматов - Кадамжай (Фрунзе) районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июльда туулган -акын, драматург, котормочу жана журналист. Кыргыз Республикасынын эл акыны (2011)

Эмгек жолу

Орто мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатта окуган.
1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын,
1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп,
Андан кийин «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий кызматкери болгон.
Э. Эрматов «Кыргыз руху» гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.
1990-жылдардын орто ченинде Кадамжай районундагы Көк-Талаа кыштагында жашайт.
Ал 2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.
2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутаты.
2013-жылдын 29 апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы

Чыгармачылыгы

Чыгармалары 1970-жылдан басма сөздө жарыяланып, биринчи ырлар жыйнагы «Ак тил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам акасы" аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза» драмасынын автору. Б.Чавчавадзенин чыгармаларын которуп басып чыгарууда тең автор болгон. Чыгыш акындарынын көбүн кыргыз тилине которгон.

1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

  1. Кыргыз тилинде:


Ак дил: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 59 б.
Шаар жана тоолук:Ырлар.- Ф.:Кыргызстан, 1982-жыл, 77 б.
Өмүр издери: Ыр китеп. – Ф.: Мектеп, 1984. – 80 б.

Туяктын ыры: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кырызстан, 1988. – 68 б.
Саймалуу таш: Ырлар. – Б.: Адабият, 1992. – 144 б.
Махабат: Тандалма ырлар, поэмалар, трагедия. – Б., 1995. – 431 б.
Мухаммед пайгамбар: Поэма. – Б., 2001. – 387 б.

Байлык, бийлик, аял жөнүндө: (эсселер). Ош, 2006-жыл, 81 бет.

Альтер эго: Ош, 2006-жыл.-68 б.

Чыгыш эл адабияты: (хрестоматия). Ош, 2006-жыл, 66 бет.

Исфайрам авазы: Б:2007-жыл, 287 бет
Низами Ганжави. Жети Сулуу: (дастан) котормо. Б:Бийиктик. 2007-жыл, 385 бет
Кулкожо Акмат Яссавий: "Хикметтер китеби", котормо. Б:Бийиктик,2008-жыл, 204 бет

Легендага айланган инсан: (Төрөбай Кулатов жөнундө маек-эссе). – Б., 2008. – 232 б.

Мухаммед пайгамбар: (дастан) 2-басылышы. Б:Бийиктик.2008-жыл, 392 бет

Заман кайрык:. Б.: Бийиктик. 2010,286 бет

1-том. Махабат: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 416 б.
2-том. Исфайрам авазы: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 340 б.
3-том. Мухаммед пайгамбар: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 480 б.
4-том. Жети сулуу: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 448 б.
5-том. Чыгыш адабияты. Хикметтер: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 532 б.
6-том. Эсселер жана драмалар: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 336 б.
7-том. Заман кайрык: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 340 б.

Мени издебе ырларымдан табасың: ырлар, Б.: "Турар" б. 2013-жыл,27 б.
Мухаммед пайгамбар: (дастан) Түрк тилинде. Б: "Имак Офсет", 2016-жыл, 387 бет
Мухаммед пайгамбар:(дастан) Орус тилинде

Мухаммед пайгамбар:(дастан) Өзбек тилинде

Сыр сандык:(эсселер) Б.: "Турар" б.2016 -жыл,164 б


Коюлган драмалары

Аксаткын менен Кулмырза - Нарын областтык М.Рыскулов атындагы муздрама театрында коюлган (1988-жыл).
Жаңыл Мырза - Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган (1993-жыл)

Кедейкан- Баткен драма театрында ()


Наамдары

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2003).
Кыргыз Республикасынын эл акыны (2011).

Апрель элдик революциясынын баатыры (2011)

Билим берүү отличниги (2012)

ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери (2015)

Кыргыз Республикасынын «Ардактуу Аксакалы» (2018)

ОГПИнин ардактуу професору (2012)

Чен

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекетик кеңешчиси (2014)

Төш белгилер

  • КР Пр караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы (2008)
  • КР Өк "Талас облусуна 15 жыл" (2016)
    "Карегимде Мекен чеги" (2013)
  • "Кыргыз милициясына 90 жыл" (2015)
  • Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги (2015)
  • ИИМ "Каарман" (2013)
  • Укук коргоого салымы үчүн "Ардак" (2014)
  • "ӨКМ Куткаруучуларды даярдоого 12 Жыл" (2013)
  • "Ардактуу Адам" (2016)

Китептерге шилтемелер

Соц тармактар

Шилтемелер