Эйнштейний

Википедия дан
Эйнштейний.

Эйнштейний (латын тилинен Einstenium, Es) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К. н. 99, ат. м. [253]. Массалык сандары 243Es - 256Es болгон 14 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу болуп 252Es саналат. Э. 1952-ж. америкалык илимпоздор: А.Гиорсо, Г.Хиггенстер жана С.Томсон жана башка окумуштуулар жасалма ыкма менен алышкан да, алынган элемент атын улуу физик Э. атынан аташкан. Э. калифорний, берклий дейтрон же гелий ядросу менен бомбалоодон алынат. Э. – оор металл; балкып эрүү температурасы 860оС; иондошуу потенциалы эВ – 6,5; бирикмелеринде +3 болгон окистенүү даражасын көрсөтөт; Э. Es(OH)3, EsF3 суудагы эритмелери жана комплекстүү бирикмелери белгилүү. Аны ат. реактордо трансурандык элементтер изилдөөдө колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]