Экологиялык саясат

Википедия дан

Экологиялык саясат – мамлекеттердин ички тышкы саясаттарынын ажырагыс курама бөлүгү. Мазмуну: социо-табигый процесстерди жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо.

Учурдагы шарттарга байланыштуу, дүйнөлүк экологиялык кырдаалдын кескин начарлашынан улам Экологиялык саясат алдынкы орунга чыкты; экологиялык коркунучту жоюу эң башкы жана курч, учурдагы глобалдык проблемалардын бирине айланды. Экологиялык саясат коом жана жаратылыштын өз ара аракеттери иш жүзөгө ашырган тарыхый шарттар менен шартталган; азыркы түрүндө ал 1939-45-ж. экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, анын экологиялык кесепеттеринин таасиринен улам жана айрыкча ХХ к. 60-ж. тартып айлана-чөйрөнүн өсүп жаткан кризистин натыйжасында калыптанган. Экологиялык саясат экологиялык коркунучту азайтууга жана жоюуга, жаратылышты коргоо шарттарын турукташтырууга багытталган саясий, экономикалык, финансылык, илимий-техникалык, юридикалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысын камтыйт. Бул чаралар улуттук, региондук, эл аралык масштабдарда ишке ашырылат.
Жаратылышты коргоо функциялары менен катар Экологиялык саясат бир катар башка багыттар менен аспектерди камтыйт: жаратылышты кайра түзүү, биосоциалдык, демографиялык, социоэкомаданий; анда прогресстин адамдык ченеми, коомдук ыйман, баалуулук ыкмалары чагылдырылат. Акыркы он жылдыкта Экологиялык саясат өзгөчө глобалдык деңгээлде болууда. Ал индустриялдык-технологиялык өнүгүүнүн жалпы стратегиясы менен тыгыз байланышта ишке ашырылат, ядролук жана химиялык куралдын таркалуу жана колдонуунун өзгөчө коркунучун эске алат. Экологиялык саясаттын мазмунунуна жана келечегине космостук факторлордун таасири көчүүдө. Дүйнө коомчулугунун экологиялык проблемаларды чечүүдө аракеттерин бириктирүү зарылчылыгы адамдын табитый жашоо чөйрөсүнүн андан ары начарлашы менен байланыштуу. Ушуга байлайыштуу Экологиялык саясат жердин газдык айлампасын жакшыртуу боюнча (абадагы кычкылтектин азайышы, көмүр кычкыл газынын, азот, метандын кошулмаларынын, хлорофтор бирикмелеринин басымдуу жогорулашы менен байланыштуу); жердеги тиричиликти космостон келген ультрафиолет нурларынан сакталган планетанын озон катмарын сактоо боюнча; жандуу жана жансыз жаратылыштан гармоналдуу өнүгүшү боюнча (азыр тез темптер менен токойлорду кыйуу, топурак эрозиясы, чөлдөр, такырлар, аңдардын көбөйүшү, өндүрүш калдыктарынын чөйрөнү булгашы, көп түрдүү жаныбарлар менен өсүмдүктүрдөн жоголуп кетиши жүрүп атат); планетанын табигый потенциалын, минералдык, суу жана жер ресурстарын рационалдуу колдонуу; согуштук ишмердүүлүктүн жаратылышка зыян келтирүүсүнө жол бербөө боюнча иш-чаралар өзгөчө мааниге ээ болууда. Экология саясатташтырылып, саясат экологияланууда. Түрдүү өлкөлөрдө Экологиялык саясатта конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн министрлер, комитеттер жана мекемелер түзүлүүдө; жер, атмосфералык абаны коргоо, жаныбарлар дүйнөсүн, токой байлыктарын, суу ресурстарын коргоо жана колдонуу жөнүндө мыйзамдар кабыл алынууда. Коруктар системасы өнүктүрүлүп, айлана-чөйрөнү булгоочу каражаттарды колдонуу боюнча ар түрдүү чектөөлөр жана санкциялар киргизилүүдө. Күчөп жаткан экологиялык кризис айрым региондордун жана эл аралык масштабдарда жаратылыш коргоо уюмдарынын жана мекемелеринин түзүлүшүнө алып келген. Бул багытта БУУ (ООН) – эл аралык уюмдар ЮНЕСКО, ЮНЕП, МАГАТЕ ж. б. комитеттер, союздар, кыймылдар ишмердүүлүгүн улантышууда. Бул проблемаларды чечүүдөн көбүнчө цивилизациянын тагдыры көз каранды болууда.

Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9