Экологиялык факторлор
Wikipedia дан
Экологиялык факторлор - сырткы чөйрөнүн түрдүү факторлорунун тирүү организмге тийгизген таасирлери. Экологиялык факторлордун келип сыгышы боюнча үчкө бөлүп карайбыз:
- Абиотикалык — сырткы факторлордун организмге тийгизген таасири:
- климаттык: температуранын жылдык суммасы, нымдуулук, абанын басымы
- эдафикалык (эдафогендик): топурактын механикалык курамы, аба өткөргүчтүгү, кычкылдуулугу жана химиялык курамы
- орографикалык: кокту колоттор (рельеф), деңиз денгээлинен бийиктиги, зоолордун бийиктиги
- химиялык: абанын газдык курамы, суунун туздуулугу, концентрациясы, кычкылдуулугу
- физикалык: ызы-чуу, магниттик талаалар, жылуулукту өткөргүчтүүлүгү жана кармашы, радиоактивдүүлүк, күндүн радиациясы
- Биотикалык — тирүү организмдердин бири-бирине тийгизген таасири:
- фитогендик — өсүмдүктөрдүн таасири
- микогендик — козу-карындардын таасири
- зоогендик — жаныбарлардын таасири
- микробиогендик — микроорганизмдердин таасири
- Антропогендик:
- физикалык: атомдук энергияны колдонушу, поезд жана учактарда жылып жүрүү, толкундун жана ызы-чуунун таасири
- химиялык: минералдык жер семирткичтерди жана уу химикаттарды колдонуу, өнөр жай жана транспорттун эсебинен Жер бетинин булганышы
- биологиялык: азык-түлүк; организмдер
- коомдук — адамдардын коомдогу көз карашы жана өзүлөрүн алып жүрүүлөрү