Экстернат

Википедия дан

Экстернат – жалпы орто билимди өз алдынча кезектеги аттестациядан өтүп туруу аркылуу алуу (айрым учурда ылдамдатылган шартта) жолу.

Экстернат калыпында жалпы орто билим алуу мүмкүнчүлүгүнө мамлекет жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүү мекемелеринде күндүзү окугандар, мектептерде ар түрдүү себептер менен убактылуу окубай калгандар (чет мамлекетте убактылуу жашап жана окуп жаткандар, оорусу боюнча мектепке барбай калгандар, качкындар ж. б.), орто жана баштапкы, орто профессионалдык окуу жайларын бүтпөй калган атуулдар, чет мамлекетке ата-энеси менен биротоло көчүп кетип жаткандар жана бүтүрүү аттестациясы мезгилинде мелдешке же гастролго кетип жатышкан спортсмендер менен артисттер ээ.

Экстернатка жазылуу үчүн мектепке өз арызы (жашы 16-га толбогондорго ата-энесинин арызы), билимин тастыктаган документ (өздүк дело, маалым кат), паспорттун (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) көчүрмөсү талап кылынат.

Экстерн (экстернат түрүндө билим алып жаткан адам) бүтүрүүчү классты (9, 11) аякташ үчүн аралык жана аяктоочу аттестацияга чейин 3 айдан кем эмес мөөнөттө, ал эми калган класстарды бүтүрүү үчүн мектеп аныктаган мөөнөттө арыз жазуу керек.

Бүтүрүүчү эмес класстардын аттестациясынын өткөрүү тартиби, калыпы жана мөөнөтү мектептин уставы аркылуу аныкталат жана аны толук тапшыргандар кийинки класска көчүрүлөт.

Экстернатдердин 9-класс, 11-класс үчүн аралык аттестациясы 1-жарым жылдык үчүн Бештин айында, 2-жарым жылдык жана окуу жылы үчүн Бугу айында өткөрүлөт. 11-классты бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик (жыйынтык) аттестациясы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги тарабынан өткөрүлөт. Мамлекетткик(жыйынтык) аттестациядан ийгиликтүү өткөн экстернатдерге тиешелүү документтер (аттестат, күбөлүк) «экстернат» белгиси менен берилет. Экстернат түрүндө билим алуу акы төлөө аркылуу жүргүзүлөт (консультация, сынак ж. б. чыгымдар). Майып, жетим, көп бүлөлүү ж. б. социалдык жеңилдик шарты бар балдар акы төлөөдөн бошотулат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004