Элдик кийим

Википедия дан

Элдик кийим - бул көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Улуттук үлгүнүн жалпы аталышы. Мунун да күндөлүк жашоо шартыбызды жана көркөмдүктү көздөй турган жагдайлары бар. Жаш-карыбыз сыймык катары кийип жүрүүгө жарашыктуу көрүнгөн көркөм сайма көчөттөрү түшкөн, кийиз оюмдарынын элементтери айкалышкан кийимдер элибиздин, көлдөй чалкыган жергебиздин бай табиятын символдоштуруп, башка элдерден айдан-ачык айырмалап, өзүбүзгө гана таандык бөтөнчөлүгүбүздү белгилеп турат.
Улуттук кийим — элдик маданияттын негизги көрүнүштөрүнүн бири. Ал калктын турмуш-шартынын, чарбачылыгынын зарылдыгынан улам жаралып, туруктуу келип, көп кылымдар бою жашап келүүдө. Мына ушул туруктуулукка гана таандык болгон өзгөчөлүк аркылуу кайсы бир элдин байыркы же кийинки мезгилдеги маданияты жөнүндө сөз козгоп, ага карата айрым ойлорду айтууга болот. Мындай мураска кыргыз эли да бай. Элибиздин улуттук кийимдеринин бай үлгүсү, чебер тигилиши, асемдүү кооздугу эзелтеден эле даңаза болуп келүүдө. Алар тууралуу маалыматтар жазма адабияттарда өтө эле сейрек кездешкендиктен, элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылууга туура келет. Элдик казынанын ыйык мурасы катары бизге келип жеткен кыргыз элинин баатырдык эпосторунун улуттук кийимдердин ар кандай түрлөрү, алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө бай маалыматтарды жолуктурабыз.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]