Элейлик Зенон

Wikipedia дан
Элейлик Зенон

Элейлик Зенон (б.з.ч. 490—430-ж.ченде) — байыркы грек философу, Элей мектебинин өкүлү. Аны тирандарга каршы күрөшкөн жана ошол күрөштө курман болгон саясый ишмер катарында сүрөттөшөт.

Пармениддин философиясынын Зенонго болгон таасири[оңдоо]

Зенондун окуусунда Пармениддин философиясын коргоого багытталган бир катар аргументтер камтылган. Аристотель Зенонду «диалектиканын» негиздөөчүсү деп атаган, бул диалектиканы ал акыйкатты душмандын ой-пикириндеги ички карама-каршылыктарды ачып көрсөтүү жана ал карама-каршылыктардан качуу жолу менен аныктоочу ык катарында түшүнгөн. Зенон өзүнүн көз караштарын негиздөөдө жана Пармениддин көз карашын коргоодо колдонгон ык — бул көз караштарга карама-каршы келгендерди жокко чыгаруу аркылуу далилдөө ыгы. Зенон болмуштуулуктун «көп түрдүүлүгүнө каршы» 40 далилди жана «кыймылга каршы», б.а. анын кыймылсыздыгын ырастоо үчүн беш далилди сунуш кылган деп эсептешет. Сакталып бизге жеткен адабий булактарда көптүккө каршы (төрт) далилдер жана кыймылга каршы (төрт) далилдер бар. Алар Зенондун апориялары деп аталат.
Болмуш тууралуу == Зенон чыныгы болмуш кыймылсыз, аны сезимдер аркылуу таанып-билүү болбойт дегенге таянат. Нерселердин көп түрдүүлүгү жана кыймылы акыл-эс аркылуу түшүндүрүлүшү мүмкүн эмес, алар бар болгону «пикир», сезимдик кабылдоонун натыйжасы гана болуп саналат. Сезимдик кабылдоолордун аныктыгын танбай, Зенон ошол эле убакта сезим кабылдоосу аркылуу чыныгы билимдерди алууга мүмкүн эмес жана эгерде кыймылды жана көптүктү бар болуп жашап турат деп моюндасак, анда бул чечилбес карама-каршылыкка алып келет деп эсептеп, муну төмөнкүчө далилдөөгө умтулган.

Зенондун «дихотомия» апориясы[оңдоо]

Эгерде предмет кыймылда болуп турса, анда ал жолдун аягына жетпей туруп, ошол жолдун жарымын басып өтүүгө тийиш. Бирок, жолдун биринчи жарымын басып өтүү үчүн, белгилүү бир предмет ушул жарым жолдун жарымын басып өтүүгө тийиш, ошентип бул чексиз улана берет. Б.а. кыймыл баштала да албайт, башталбаган соң бүтө да албайт.

«Ахиллес жана таш бака» апориясы[оңдоо]

Ахиллестин алды жагында таш бака турат, алар экөө бир убакта жарышка чыгып, жүгүрүп жөнөшөт. Ахиллес таш баканы эч качан кууп жете албайт, анткени Ахиллес таш бака мурда турган жерге жетип баргыча, ал дагы бир нече аралыкты басып өтөт, бул да чексиз кайталана берет. «Учуп бараткан жебе» апориясы. Учуп бараткан жебе, Зенондун пикири боюнча, дайыма бир орунда жылбай турат, анткени кыймылдын ар бир учурунда ал өзүнө барабар орунду ээлейт.

«Стадион» апориясы[оңдоо]

Эки тело бири-бирине каршы жана бири-бирине салыштырмалуу түрдө жылып бара жатышат. Бул учурда экөөнүн биринчиси экинчисинин жанынан өтүү үчүн бир орундан жылбай тынч турганынын жанынан кыйып өтүүгө канча убакыт зарп кылына турган болсо, ошончолук убакыт зарп кылат. Демек, жарым бүтүнгө барабар болуп чыгат, бул сандырактык. Ошентип, бул апориялардан келип чыга турган бардык логикалык натыйжалар кыймыл дегенибиз болмуш эмес, тышкы карандай көрүнүш гана экендигин айтып турат.


Албетте, Зенондун бардык апориялары, эгерде аларды карап чыгууда кыймылдын жана мейкиндиктин үзгүлтүктүгүн гана эмес,алардын үзгүлтүксүздүгүн эске ала турган болсок жеңил эле жокко чыгарылат. Бирок бул апорияларда илимдин түшүнүк аппаратын аныктап калыптоонун кыйындыгы жана ошондой эле мейкиндик, убакыт, кыймыл сыяктуу түшүнүктөрдүн карама-каршылыгы чагылышып турат. Зенон өзү да сезим аркылуу кыймылды кабылдай ала турганыбыздан кенедей да шек санаган эмес. Ал өзүнүн апорияларын эгерде мейкиндикти бири-биринен обочо турган айрым бөлүктөр катарында, ал эми убакытты бири-биринен бөлүнүп турган учурлар катарында түшүнсөк, анда биз кыймыл жөнүндө ойлой албай турганыбызды көрсөтүү үчүн жараткан. Б.а. Зенон көп түрдүүлүк жок, болмуш бирдиктүү дегенди далилдеп көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8