Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университети

Wikipedia дан
Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университети
Iaau logo.jpg
Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университети
Жалпы маалымат
Эл аралык аталышы: International Ataturk-Alatoo University
Девиз
Түптөлгөн жылы: 1996-жылы
Тиби: Жеке
Ректор: Али Аята
Студенттер:
Чет элдик студенттер:
Бакалавриат:
Окутуучулар:
Жайгашкан жери: Бишкек
Дареги: Максим Горький көч. 1/8 Туңгуч мкр.
Сайт: http://www.iaau.edu.kg/

"Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университети" - бул заманбап билим берүүнүн дареги.

Кыскача маалымат[оңдоо]

Эл аралык "Ататүрк-Алатоо" университети 1996-жылы «Себат» билим берүү мекемеси менен Кыргыз Республикасынын Илим, билим жана маданият министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык негизделип, 1997-98 окуу жылында лицензия алып (АЛ No: 201 МОиК) таалим-тарбия иштерин баштаган. Бул окуу жайга абитуриенттер Университеттин Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан уюштурулган сыноонун жыйынтыгы менен кабыл алынат. Учурда университетте 3 факультет жана аларга караштуу 15 бөлүм бар. Таалим-тарбия иштери 4 тилде жүргүзүлөт.

Факультеттер[оңдоо]

1.Жаңы технологиялар факультети

  • Компьютердик инженерия бөлүмү
  • Колдонуучу математика жана информатика бөлүмү
  • Электроника жана микроэлектроника бөлүмү
  • Инженер-менеджер бөлүмү

2.Экономика жана башкаруу билимдери факультети

  • Менеджмент бөлүмү
  • Финансы жана кредит
  • Экономика бөлүмү
  • Эларалык мамилелер бөлүмү

3.Коомдук жана гуманитардык илимдер факультети

  • Англис тили жана адабияты бөлүмү
  • Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү
  • Түркология бөлүмү
  • Синхрондук котормо бөлүмү
  • Кытай тили жана адабияты бөлүмү
  • Педагогикалык психология бөлүмү

Таалим-тарбия усулдары[оңдоо]

Өнүккөн өлкөлөрдө колдонулган кредиттик система;
Таалим-тарбия негизинен англис тилинде жүргүзүлөт жана ошондой эле кыргыз, орус жана түрк тилдери да жогорку деңгээлде үйрөтүлөт; Француз жана немис тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү да бар;
Бүтүрүүчүлөр толук жогорку билимдүү деген дипломго ээ болушат;
Швейцариянын Цюрих Технологиялык университети менен ортоктош магистратура жана аспирантура программалары бар;

Социалдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөр[оңдоо]

  • Заманбап компьютердик лабораториялар
  • Бай китепкана
  • Спорт комплекси
  • Ашкана жана буфеттер
  • Кыздар жана эркек балдар үчүн комфортабелдүү жатаканалар
  • Заманбап техника менен жабдылган имараттар жана аудиториялар
  • Социалдык-маданий иш-чаралар
  • Эл аралык конференциялар
  • Жыл сайын студенттик конференциялар
  • Саясатчы, окумуштуулар жана белгилүү инсандар тарабынан өткөрүлүүчү конференцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү
  • Спорттук жарыштар
  • Университеттин шаңдуу КВН командасы
  • Студенттик концерттер
  • Карьера күндөрү
  • Студенттик клубдар
  • Кино клубу
  • Театр клубу
  • Веб дизайн клубу
  • Компьютердик программаларда такшалуу клубу
  • Спорттук клубдар (футбол, баскетбол, теннис ж.б.)

Студенттер тарабынан уюштурулган КФС, V-Кору (V-Fund) аттуу кайрымдуулук жана өнүгүү фонддору ж.б. көптөгөн студенттик клубдарга катышуу менен жеке таланттарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү.

Тышкы байланыштар[оңдоо]

Университет чет өлкөлөрдөгү университеттер жана илимий борборлор менен да тыгыз байланышта. АКШдагы Миссисипи Университети, Трой университети, Жексон Стейт университеттеринен сырткары Түндүк Кипрдеки Чыгыш Акдеңиз университети, Эларалык Кипр университети, Швецариядагы Цюрих техникалык университети жана Түркиядагы Кожаели университети менен орток проектилерди иштеп, жеткиликтүү таалим-тарбия берүү үчүн ар тараптуу кызматташып келет.

Шилтемелер[оңдоо]