Эмгекти коргоо

Википедия дан

Эмгекти коргооэмгек процессинде адамдын коопсуздугун, ден соолугун сактоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу закон актыларынын, техникалык жана санитария-гигиеналык чаралардын системасы.
Эмгекчилердин ден соолугун сактоо, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, кесип ооруларын жана өндүрүштүк кырсыктарды болтурбоо мамлекеттин маанилүү иш-аракетинин бири. Биздин өлкөдө ар бир адамдын эмгектенүүгө, эс алууга жана ден соолугун сактоого укуктуулугу жөнүндөгү жоболор эмгек закондорунда (мисалы, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү закондор кодексинде) көрсөтүлгөн. Ал закондорго ылайык толук, толук эмес жана кыскартылган жумуш күнү белгиленген. Мекемелерде, ишканаларда, өндүрүштөрдө жумушчулар менен кызматчылардын толук жумуш убактысы жумасына 41 сааттан ашпоого тийиш. Кыскартылган жумуш күнү кесиптик зыяндуу шартта иштеген жумушчу, кызматчылар, жашы жете элек 15тен 18 жашка чейинки жумушчу, кызматчылар, ошондой эле мугалимдер, врачтар, инвалид - сокурлар жана башкалар үчүн белгиленет. Толук эмес жумуш күнү же убактысы администрация жумушчу же кызматчыны ишке алып жатканда макулдашылып чечилет. Ишкана, мекеме, уюмдардын администрациясы эмгекти коргоо боюнча нормативдик актыларда көрсөтүлгөн эмгек шарттарын камсыз кылууга, өндүрүштө травмага жол бербөөгө, коопсуздук техникасынын жаңы каражаттарын колдонуу, кесиптик оорулардын алдын алууга, санитария - гигиеналык шарт түзүүгө милдеттүү. Ошондой эле эмгекти коргоо боюнча эрежелер менен нормаларда коопсуз жана ден соолукка зыянсыз эмгек шарттарын түзүү, ишкана аймагын, өндүрүштүк жайларды максатка ылайык пайдалануу, жабдууларды туура иштетүү, технологиялык процесстерди туура уюштуруу, жумуш орундарын санитария-гигиеналык нормага ылайык күтүү жана башкалар талаптар камтылган. Коопсуздук техникасын жана өндүрүштүк санитарияны жакшыртуу максатында жыл сайын атайын каражат бөлүнөт.
Аялдардын организминин өзгөчөлүгүн эске алып, эмгек закондорунда кошумча жеңилдиктер көрсөтүлгөн, ошондой эле жаштардын, инвалиддердин эмгегин коргоо боюнча эрежелер белгиленген. Кош бойлуу жана балалуу аялдардын эмгегин коргоо боюнча атайын жоболор бар, кара Эне жана баланы коргоо.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8