Эмдөө

Википедия дан
Эмдөө

Эмдөө (иммундаштыруу, вакциналоо) — организмди иммундук касиети бар кан сары суусу, гамма-глобулин, вакцина, анатоксин менен эмдеп, анын жугуштуу ооруга туруктуулугун арттыруу.
Организмде активдүү иммунитет пайда кылуу үчүн вакцина же анатоксин куюлат. Вакцинада оору пайда кылбоочу тирүү (начарлаган) же өлүү (өлтүрүлгөн) оору козгогучтар болуп, аларды кишиге куйганда организмде атайын коргогуч зат — антитело пайда болот. Микроб токсинин (уусун) формалин менен зыянсыздандыруудан анатоксин алынат. Мында токсиндин уулуу касиетин жоготуп, иммунитет пайда кылуу жөндөмдүүлүгү сакталат. Анатоксин теринин астына же булчуңга куюлат. Вакциналарды кишинин терисине (туберкулёзго каршы), теринин астына (ич келтеге каршы), булчуңга (көк жөтөл, кептөөр, тырышмага каршы), ичирип (полиомиелитке каршы), мурунга тамчылатып (гриппке каршы) жиберилет. Ар бир вакцина үчүн атайын өлчөм (доза) жана эмдөө схемасы белгиленген. Эмдөөдө организмде оору козголбой туруп, ага каршы иммунитет пайда болот (мисалы, кишини чечек вакцинасы менен эмдөөдө ал ооруга каршы иммунитет түзүлөт). Калкка активдүү иммунитет пайда кылуу максатында, ошондой эле эпидемиялык көрсөткүчтөргө жараша ар бир ооруга каршы эмдөөнү саламаттык сактоо органдары өзүнчө план жана календарга ылайык жүргүзөт. Балдар оорусуна каршы пландуу эмдөө төрөт үйүнөн башталат. Мисалы, бала төрөлгөндөн 4—5 күндөн кийин туберкулёзго, 2 айында полиомиелитке, 5—6 айында кептөөргө жана көк жөтөлгө, 10 айында кызылчага каршы эмделет. Айрым ооруларга каршы эмдөө 4—5-жылда кайталанып турат. Айрым оорунун табигый очогу чыгуучу аймакта (мисалы, туляремия, кене энцефалити) пландуу эмдөө жасалат. Эгер жугуштуу оорунун таралуу коркунучу туулса, ага каршы пландан тышкары эмдөө жүргүзүлөт (мисалы, грипп, холера жана башкалар ооруларына). Эгер тезинен иммунитет түзүү талап кылынса (мисалы, кызылча менен ооруган балага жолукканда, жараат булганганда), ал ооруга каршы даяр антителосу бар сары суу же гаммаглобулин куюлат. Эмдөө жүргүзүүнүн алдында калк медициналык кароодон өткөрүлөт. Өнөкөт оорулуу жана температурасы көтөрүлгөн киши эмделбейт. Эмдөөдөн кийин организмде жалпы жана жергиликтүү реакция болуусу мүмкүн (эмделген жер шишийт, ооруйт, ысыйт). Мындай абал адатта көпкө созулбайт жана коркунучтуу эмес. Эмдөөдөн кийин жугуштуу оору менен ооруса да жеңил өтөт. Балдарды эмдөө маалыматы алардын медициналык карточкаларында жана атайын журналга катталат, ошондой эле ата-энеси баласына кайсы жасалды, кайсы жасала элегин так билүү керек. Айрым жугуштуу ооруларга каршы вакцина 2 же 3 жолу берилет. Мисалы, полиомиелит, көк жөтөл, кептөөргө каршы 3 жолу эмделет (ар бир эмдөөнүн аралыгы 1,5 ай). Жасалма иммунитет убакыт өткөн сайын начарлашы мүмкүн, ошондуктан белгилүү убакыттан кийин айрым эмдөө кайталанат. Эмдөө калк арасында жугуштуу ооруларга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизги каражатынан болот. Эмдөөнүн натыйжасында айрым жугуштуу оорулар азайды, полиомиелит, кептөөр, чечек жана башкалар такыр жок болду (Чечек).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8