Эмотивизм

Википедия дан

Эмотивизм (анг. emotive – эмоцияга алып келген) – логикалык позитивимдин этикалык теориясы. Мында логикалык позитивимдин методологиясы ырааттуулук менен колдонулган. Бул теорияга ылайык, моралдык ой жүгүртүү жана терминдер чын да, жалган да эмес, таанып билүүчүлүк мазмунга да ээ боло албайт, анткени алар верификацияга (тажрыйбалык текшерүүгө) дуушар кылынбайт. Бул теория боюнча, ар бир адам моралда каалагандай көз карашты жактаганга, карманууга укугу бар, карама-каршы ишенимдер бири-бирин жокко чыгара албайт. Эмотивизм – моралдын скептикалык жана нигилисттик теориясы. Индивиддин нравалык позицияны тандап алуудагы абсолюттук эркиндигин далилдөөгө аракеттенүү менен эмотивизм иш жүзүндө анын жүрүм-турумундагы, адеп-ахлак ишениминдеги туруксуздукту, баш-аламандыкты актоого жол берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9