Эндокрин системасы

Wikipedia дан
Ички секреция (солдо — Эркек, оңдо — аял): 1. Эпифиз 2. Гипофиз 3. Калкан сымал без 4. Тимус 5. Бөйрөк үстүндөгү без 6. Уйку бези 7. Аналык бези 8. Эн бези

Эндокрин системасы (ички секреция бездери).

Функциясы[оңдоо]

Нерв жана эндокрин системалары организмди жөнгө салуучу система болуп эсептелет. Алардын катышуусуз организмде бир да процесс жүрбөйт, эндокрин жана нерв системасы өз ара тыкыс байланышта болуп, алардын иши бузулса организмде олуттуу өзгөрүштөр болот. Эндокрин системасын ички секреция бези түзөт. Алар өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды — гормондорду бөлүп чыгаруу өткөөлдөрү болбогондуктан сыртка чыгарбай, канга жана лимфага кошот. Бул процесс ички же эндокрин секрециясы деп да аталат. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын, алардын бузулушун эндокринология изилдейт.

Түзүлүшү[оңдоо]

Эндокрин системасына гипоталамус, гипофиз, эпифиз, калкан сымал жана анын жанындагы без, уйку без аралчалары, бөйрөк үстүндөгү без, энелик без, үч ача без кирет. Бул бездердин көлөмү жана формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан. Эндокрин системасы бөлүп чыгарган гормондор кан менен бүт денеге тарап, органдардын иштешин камсыз кылып турат (Гормондор). Жаныбарлар менен адамдардын денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бирине айкалышып иштешинде гормондордун ролу зор. Булчуңдардын жана бездердин дүүлүктүргүчкө болгон эң ыкчам (милли-секунданын ичинде) жооп кайтаруусу нерв системасынын таасиринин негизинде болот. Ал эми организмдеги клеткаларда жайбаракат бир нече мин., саат жана жуманын ичинде өтүүчү процесстер гормондордун таасири астында өтөт. Зат алмашуу процессиндеги өзгөрүүлөр, организмдин өсүп-өнүгүшү, көбөйүшү эндокрин системасынын таасири менен жүрүп, кандагы кант, натрий, калий, кальций жана башкалар заттардын концентрациясы жана клетка аралык суюктуктун составын өзгөртүүсү гормондор аркылуу жөнгө салынып турат. Гормондор өтө активдүү болуп, анын эң аз өлчөмү организмдин айрым органдарынын түзүлүшүнө жана иштешине чоң таасир тийгизет. Ички секреция бездери адатта эң аз өлчөмдө гормон бөлүп чыгарып, канда анын концентрациясы билинер-билинбес, заара менен тышка чыгышы андан да аз. Гормондор кан аркылуу башка органдарга таасирин тийгизсе, нейрогормондор нерв клеткаларынын аксон талчалары аркылуу тарайт, ал эми простагландиндер жыныс суюктуктарынын составында болот.

Гипофиз менен гипоталамус[оңдоо]

Эндокрин системасында гипофиз менен гипоталамус өзгөчө орунду ээлейт.

  • Гипофиз — мээнин алдыңкы бези; баш сөөгүнүн ичинде түрк ээрчесинин ойдуңунда жатат. Гипофиз пролактин, адренокортикон жана башкалар гормондорду бөлүп чыгарып, зат алмашуунун бардык түрлөрүнө, организмдин өсүп-өнүгүүсүнө, көбөйүшүнө башка бездер аркылуу (калкан сымал, калкан сымал бездин жанындагы, уйку, бөйрөк үстүндөгү, жыныс жана эмчек бездери) таасирин тийгизет. Гипофиз гормондорунун ашыкча болушу кишинин боюнун өтө өсүп кетишине (алп), кээде гипофиз шишигинин пайда болушуна, жетишсиздиги эргежээлдикке алып келет. Ал эми интермедин гормону пигменттин туура бөлүнүшүн камсыз кылып турат.
  • Гипоталамус мээнин бир бөлүгү болуп, гипофиз менен тыгыз байланышат. Ал гормондук таасирге ээ затты (рилизинг-гормонду) иштеп чыгарат. Бул гормондун химиялык түзүлүшү жөнөкөй, гипофизге таасир тийгизип, натыйжада гипофиз татаал гормонду бөлүп чыгарат. Гипоталамустун ядросу вазопрессин жана окситоцин гормондорун бөлүп чыгарат. Алар гипофизде чогулат. Окситоцин суу-туз алмашууну жөнгө салып, кан тамырлардын тонусун сактайт, вазопрессин майда кан тамырлардын жыйрылышына, кан басымынын көтөрүлүшүнө таасир тийгизет. Гипоталамус ядросу жабыркаса кантсыз диабет оорусуна алып келет.

Эпифиз[оңдоо]

Эпифиз мээ жарым шарларынын алдындагы без, чоңдугу буурчактан кичирээк, таламустун (көрүү дөңчөсүнүн) үстүндө жайгашкан. Формасы карагайдын тобурчагына окшош. Ички секреция бези катарында мелатонин гормонун бөлүп чыгарып, теридеги пигмент клеткаларынын аракетин күчөтөт. Андан тышкары эпифиз организмдеги суткалык жана сезондук өзгөрүүлөргө ыңгайланууну, биологиялык, ошондой эле организмдин бир катар системаларын анын ичинде жыныс циклдерин жөнгө салуусу болжолдонот.

Калкан сымал без[оңдоо]

Калкан сымал без эки бөлүктөн туруп, орто жеринен бири-бири менен мойнокчо аркылуу туташып, алкымда, кекиртектин эки жагында жайгашкан. Бул без бөлүп чыгарган тироксин гормону организмде негизги зат алмашуу процессинин деңгээлин жогорулатат. Бездин гипо-жана гиперфункциялык жөндөмү адамды ар түрдүү ооруга дуушар кылат. Без функциясынын күчөшү Базедов оорусун (Диффузиялык ууландыруучу богок) пайда кылса, гипофункциясы (гормондун аз бөлүнүп чыгарылышы) микседема оорусуна алып келет. Бездин чоңоюп кетиши богок оорусу деп аталат. Калкан сымал бездин артында түйүн сымал, чоңдугу буурчактын данындай калкан сымал бездин жанындагы без жайгашкан. Ал төрт безден турат. Бул без бөлүп чыгарган гормон денеде кальций менен фосфор алмашууну жөнгө салат. Гормондордун жетишсиздиги булчуңдардын иретсиз, өтө тез жана титиреп жыйрылуусуна алып келет, өлүмгө дуушар кылат.

Уйку бези глюкагон[оңдоо]

Уйку бези глюкагон, инсулин гормондорун канга бөлүп чыгарат. Бөйрөк үстүндөгү бездер эки түрдүү ички секреция ткандарынан турат. Ички катмары — адреналин жана норадреналин гормондорун, сырткы катмары — кыртышы стероид гормондорун бөлүп чыгарат.

Энелик без жана эн без[оңдоо]

Аялдын жана эркектин жыныс безиндеги (энелик бези жана эн бези) атайын клеткалар аялдардын жыныс гормону — эстрогендерди (фолликулин жана прогестерон) жана эркектин тестостерон гормондорун бөлүп чыгарып, аялдардын жана эркектердин жыныстык белгилеринин өсүшүн камсыз кылып турат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8