Эпиктет

Wikipedia дан
Эпиктет

Өмүр баяны[оңдоо]

Эпиктет (50—138-жыл ченде) — байыркы римдик философ, римдик стоицизмдин өкүлү.
Фригияда туулган (Кичи Азия). Теги боюнча кул, император Неронду кайтаргандардын биринин кулу катарында Римге алынып келинген. Кийинчерээк кулчулуктан бошонуп, эркиндикке чыгат.
Император Домицион Римден бардык философторду кууп жибергенден кийин 94-жылы Балкандагы Никополго келет да, ал жерде философиялык мектепти негиздейт. Эпиктет өзү эч нерсе жазган эмес, өзүнүн окуусун ал оозеки үгүттөгөн. Эпиктеттин ойлору анын шакирти Флавий Арриандын аларды жазып алгандыгынан улам гана сакталып калган. Арриан аларды «Эпиктеттин көрсөтмөлөрү», «Эпиктеттин субхаттары», «Эпиктеттин ой жүгүртүүлөрү» деген аталыштар менен китеп түрүндө жарыялаган.
Ошол учурда Римдин билимдүү адамдарынын арасында стоицизм мода болгон, Эпиктет кул кезегинде эле өзүнүн кожоюну менен стоик Мусоний Руфтун лекциясын угуу үчүн барып турган, бул Эпиктеттин андан кийинки бүткүл ишмердигин жана анын көз караштарын аныктаган.
Эпиктеттин жашоо турмушу ал өзү үгүттөгөн окууга толук ылайык келген: киниктерче жакырчылыкта жашаган, жыгач отургучка төшөлгөн самандын үстүнө жаткан. Анткени стоик Эпиктет үчүн моралчы катарында өз жашоо-турмушундагы жеке керт башынын үлгүсү философ үгүттөгөн теориядан маанилүүлүрөөк болгон.
Философияны этикага алып барып такаган стоицизмдеги жаңыдан пайда болгон тенденция Эпиктетте биротоло аяктап бүтөт. Ошол эле убакта ал стоицизмде кабыл алынган, философияны физикага, логикага жана этикага бөлүүнү четке какпайт, бирок этикага чечүүчү маани берет. Физика менен логика этикага кызмат кылат, мисалы, этика үйрөткөн нерсеге — калп айтууга болбойт деген насыятка кызмат кылат.
Ошондуктан, Эпиктет үчүн башкы нерсе — этиканын өзү, ал эми физика ал үчүн анчалык мааниге ээ эмес. Алсак, ал мындай дейт: «Аалам материясы атомдордон же гомеомериялардан турары, оттон же топурактан турары мен үчүн баары бир эмеспи? Жакшылык менен жамандыктын маңызын, сүйүү менен жек көрүнүүнүн, ышкылык менен жийиркенүүнүн ченемин билип жана буларды ченем катарында пайдаланып, өз жашоо-турмушуңду куруп алсаң жетиштүү болбойбу» [Эпиктеттин афоризмдери. Спб., 1891. 36-6.].

Логика[оңдоо]

Логика жагында башкы тааным жөндөмдүүлүгү катарында Эпиктет ишенимди жана урматтоону тааныган, булар негизги жакшылыктар катарында чыгат. Физика жагында Эпиктет дүйнө дегенибиз — теңирлик касиет даарылган бирбүтүн, акыл-эстүү космостук мамлекет деп билген стоикалык тезисти коргойт.

Этика[оңдоо]

Этика жагында Эпиктет адам кудайлардын эркине, тагдырдын буйругуна баш ийүүгө тийиш деген жобону коргойт. Буга адамды философия үйрөтүүгө ийиш. Эпиктет, бизге багыныңкы болгон жана бизге багыныңкы болбогон нерселерди айырмалап билүү керек деген жобого таянат.
«Биздин пикирлерибиз, каалоолорубуз, умтулууларыбыз, кызыгууларыбыз жана баш тартууларыбыз, бир сөз менен айтканда биздин баардык иш-аракеттерибиз өзүбүзгө багыныңкы. Биздин денебиз, биздин дүйнө-мүлкүбүз, атак-даңкыбыз, наамдарыбыз, бир сөз менен айтканда, биздин иш-аракетибиз болбогондордун баары бизге багыныңкы эмес. Бизге багыныңкы болгондордун баарысы табиятынан эле эркин, эч кандай чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды билбейт, ал эми бизге багыныңкы болбогондор — чабал, көз каранды, тоскоолдуктарга учурай турган жана бизден тартылып алынышы мүмкүн болгон нерселер» [Көрсөтмөлөр. 1].

Эпиктеттин оюу[оңдоо]

Эпиктеттин оюна ылайык өзүңдөн ажыратылбай турган нерсеге таянуу керек. Ушул учурда гана «сени эч ким эч нерсеге мажбурлай албайт, эч ким сага эч кандай тоскоолдук кыла албайт, сен да эч кимди жектеп, айыптай албайсың, өзүң каалаган нерсеге кайчы келе турган иш жасабайсың, сени эч ким мазактабайт, душмандарың да болбойт, ошондуктан сага эч ким зыян келтире албайт».
Мына ушундан келип, Эпиктеттин пикири боюнча, адамдын эркиндиги пайда болот. Бирок, чындыгында Эпиктеттин эркиндиги чыдоо, каяша айтпоо эркиндиги болуп саналат. Адам өзүнүн нерселерге болгон мамилесин гана өзгөртө алат, ал эми окуяларды ал өзгөртө албайт. Нерселердин тартибине фаталдык түрдө баш ийүүнү үгүттөгөн Эпиктеттин позициясы мына ушундай.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8