Эпистолярдык форма

Википедия дан

Эпистолярдык форма (гр. – арноо каты) – турмушту чагылдыруудагы өзүнчө бир ыкмасы болуп, мында окуялар, же каармандардын ички ойлору, иш-аракеттери кат формасында берилет. Ф. Достоевскийдин Бечара кишилер, А. Токтомушевдин “Какшаалдан кат” деген сыяктуу чыгармалары көркөм-эпистолярдык формада жазылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында мындай ыкма өзгөчө оң натыйжасын берди, анткени, ал кезде турмуштун өзүндө майдандагы жоокерлердин оорук менен кат алышуулары тынымсыз болуп турган. Мунун өзү адабиятта кат формасындагы чыгармалардын жаралышын шарттаган. Ж. Бөкөнбаевдин “Салам кат”, “Саламы ушул Сайранын”, “Эки кат”, “Балаңар жазат алыстан”, М. Элебаевдин “Ала-Тоого кат”, А. Токомбаевдин “Бозойдон селкиге”, Ж. Жамгырчиевдин “Солдаттын саламы” К. Эсенкожоевдин “Алыстан кат” деген ырлары бул мезгилде мындай форманын оң флангага чыкканына кепил боло алат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]