Эрбий

Википедия дан
Эрбий.

Эрбий (латын тилинен Erbium, Er) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 68, ат. м. 167,26. Э. массалык сандары 151Er - 170Er болгон 21 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта массалык саны 165Er болгон бир гана изотобу табылган. Э. жер кыртышында 4×10-4 % кездешет. 1843-ж. швед химиги Карл Пустав Мозандер тарабынан Э. оксиди (Er2О3) түрүндө алынган. Э. – күмүштөй ак металл; балкып эрүү температурасы 15450С; кайноо температурасы 2900оС; бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Э. оксиди башка лантаноиддер катуулугу боюнча айырмаланып, бир канча жогору турат. Э. энергетика, жарык техникасы, фосфордук активатор катары, магниттик куймалар, лазердик техника, ферриттер жана болот, айнектер сортторун өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]