Эрин жырыгы жана таңдай тешиги

Википедия дан
Эрини жырык ымыркай.

Эрин жырыгы (cheiloschisis) жана таңдай тешиги (palatoschisis) (англисче – Hare lip and cleft palate) - бул ымыркай баланын оозу жатында кезинде туура эмес калыптанганда келип чыккан оорунун түрү. Эрин, жаак жана таңдай жырыгын ымыркай төрөлгөндөн кийин эле же үч айга караганда операция жасап, тигип койсо болот[1].

Оорунун келип чыгышы жана мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ымыркай жатында кезинде анын үстүңкү эрини экиге бөлүнүп калат. Адатта, мындай жырык эриндин ортосунан кайсы-бир тарабына кыйшайып калат жана эриндеги бул жырыкка кошул-ташыл таңдайда тешик пайда болушу да ыктымал.

Мындай кырдаалдын себеби азырынча белгисиз жана ымыркайдын эрининин жана таңдайынын акыбалы ал төрөлгөндө гана айгинеленет. Кээ бир учурда бул жагдай билинээр-билинбес гана болсо, башка бир айырмалуу учурда эрин жырыгы чоң болуп, ал түгүл мурунга чейин созулушу ыктымал.

Мындай ооруга кабылган ымыркай эмчекти же бөтөлкөдөгү сүттү эме албай кыйналышы да ажеп эмес.

Бирок азыркы тапта атайын упчулуу бөтөлкө да сатыкта бар, анын упчусу ымыркайдын оозунун калыбына ылайыкталып жасалган.

Атайын бөтөлкө аркылуу сүт эмген ымыркай. Эгерде бала чалкасынан жаткырылса же өйдө караса, анда ага сүт эмүү да алда-канча жеңил, анткени Жердин тартылуу күчү аркылуу бөтөлкөдөгү сүт оңой ичилет.

Эрин жырыгы жана таңдай тешиги өз кезегинде угуу жагдайына жана дене мүчөсүндөгү тешиктен пайда болчу ар кандай жагдайларга кесепетин тийгизиши ажеп эмес.

Мындан улам ымыркай начар угуп калган же анын дем алуу органдары жугуштуу ооруга чалдыккан учурлар да кездешет.

Бул жагдай баланын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө кедерги боло албайт, ошого карабастан ымыркайды үйрөнүү жүрүмүнөн өксүтүп албоо үчүн аны эртерээк дарылап, анын угуудагы илдетинен арылтуу керек.

Ооруну айыктыруу усулдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заманбап операция аркылуу эрин жырыгы жана таңдай тешиги айыктырылышы мүмкүн экенин көңүлдө тутуу абзел.

Азыркы технологиялык доордо мындай операция жеңил-желпи иш-чара саналат.

Адатта, эрин жырыгы ымыркайдын 3-4 айлык кезинде биринчи кезекте бүтөлөт, андан соң таңдай тешигин бүтөө керек.

Жырык бүтөлгөн соң, ымыркай тамак жеп, иче алат жана кадимкидей үн чыгарып калат.

Айрым гана учурларда ымыркайдын үн чыгаруусун (сүйлөөсүн) жакшырткан терапиялык дарылоо талап кылынат, андан соң алиги ымыркай нормалдуу жана саламаттык үчүн шайма-шай кырдаалда кадыресе чоңойо бермекчи.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кемтиги ооз: себептери жана аны чечүү жолдору