Эрк

Википедия дан

Эрк – ички жана сырткы каршылыктарды жеңүү үчүн адам өзүнүн иш-аракетин, кылык-жоруктарын аң-сезимдүү түрдө башкаруусу.

Ар кандай эле аң-сезимдүү, тоскоолдуктарды жеңип, максатка жетүүгө умтулган иш-аракет эркти мүнөздөбөйт. Эркте максаттын баасын айкын түшүнүү, анын адамдын умтулуусуна, принциптерине ылайык елиши мааниге ээ.

Эрктин психологиялык теорияларын 2 топко ажыратууга болот:

  • Эркти башка жаряндарга камтылбай турган бөтөнчө кубулуш катары караган «автогенетикалык» теориялар (В. Вундт, Н. Ах ж. б.) жана тигил же бул психикалык фактордун, кубулуштун туундусу деп эсептеген «гетерогенетикалык» теориялар (И. Ф. Гербарт, Э. Мейман, Э. Блейер ж. б.). Ал эми орус психологдору эркти коомдук-тарыхый кубулуш катары карайт. Эрктин табиятын аныктоого Д. Н. Узнадзе жана анын мектебинин орнотуу теориясы чоң салым кошкон.
  • Эрктин физиологиялык механизмин төмөндөгүдөй көз алдыга келтирүүгө болот. Чоң жарым шардын кыртышынын чоку жагында (теменной) кыймылдуу областта жайгашкан кыймылдуу область бардык анализаторлордун кыртыштык бүтүшү жана кыртыштын бардык бөлүктөрү менен байланышкан. Бул байланыш кыртыштын бөлүктөрүндө пайда болгон козголууну кыймылдуу областка жеткирет да, ал жерде да козголуу жараяны жүрөт. Анализатордон кыймылдуу областка келген маалымат кыймылдын башталуу сигналы болот. Маалыматты алган кыймылдуу клеткалар каалаган убакта «кыймыл» жөнүндө «буйрук» жөнөтүшү мүмкүн. Ошентип, кыртыштын кыймылдуу областынын мээнин башка бөлүктөрү менен болгон байланышы адамдын кыймылынын, аң сезимдүү аракетинин керектүү шарты болуп саналат.

Эрктик аракеттерди жөнөкөй, татаал деп ажыратуу кабыл алынган. Жөнөкөй эркик аракет – максат коюу жана аткаруудан, ал эми татаал эрктик аракет – максатты түшүнүү, пландаштыруу жана аткаруудан турат. Чынында турмушта коюлган максатты түшүнбөстөн аткаруу көп жаңылыштыктарды пайда кылып жаткандыгы белгилүү. Бүгүнкү билим берүү жараянын алдындагы маселе жаштарды татаал эрктик аракеттерге үйрөтүү болуп саналат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004