Эркиндик

Википедия дан

Эркиндик – конституцияда же дагы башка мыйзам актыларында бекитилген адамдын белгилүү бир жүрүм-турум мүмкүнчүлүгү (м.: сөз эркиндиги, дин эркиндиги ж. б.). Э. жаран-адамдын жаратман иш-аракетине кийлигишпөөгө шарт түзүп берүү аркылуу мамлекет менен коомчулук тарабынан колдоого алынуучу инсандын жигердүү, чыгармачылык ж. б. оң сапаттарынын ачыкка чыгуусу болуп эсептелет. Жекече маанисинен алганда, «Э.» катмары «укук» түшүнүгүнө жакын, бирок акыркы түшүнүк мамлекет же башка субъектилер тарабынан кандайдыр бир иш-аракетти жасоосу үчүн (м.: эмгекке укугу бар болгон учурда жумуш берүү) көбүрөөк же азыраак юридикалык механизими бар экендигин каңкуулап турат. Тескерисинче, юридикалык Э. ишке ашыруунун так механизмине ээ эмес, ага ошол Э. аракеттерин кандайдыр бир бузуп алуулардан кармануу милдеткердиги мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]