Эр эңиш

Википедия дан
Кыргыздын улуттук спорту "Оодарыш" Кыргызстандын почта паркасында
Эр эңиш же Оодарыш деп аталган ат үстүндөгү спорт түрү

Эр эңиш — эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу. Бул оюн-шооктун келип чыгуусу ат үстүндөгү салгылашуусунда куралынан тигил, же бул себеп менен ажырап калган жоокерлердин ат үстүндөгү кармашуусуна шартталган. Жоокерчилик заман үчүн бул алышуу өтө зарыл болгондуктан, бара-бара каршылаштардын бул алышуусу аскердик-прикладдык оюндардын катарына кирип, бүгүнкү күнгө чейин ойнолуп калган. "Манас" эпосунда Көкөтөйдүн ашындагы Чыноончу менен Шаңдөөгөрдүн эңищи мунун далили:

Алар эңиш салсын деп,

Чабендеси жеңсин деп,

Көкбөрү кылган улактай

Көрүнө аттан эңсин деп (Сагымбай Орозбаков, 3. 254— 255).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4