Эстен тануу

Википедия дан
Эстен тануу

Эстен тануу (лат. syncope — эс оош < байыркы грек тилинен συγκοπή — кесүү, чапкыч) — мээге кан жетишпегенден капысынан кыска мөөнөткө эсин жоготуу.
Башталарда ал кетип, бут-кол чымырайт, көз караңгылап, кулак чуулдап, жүрөк айланат, тамыр начар согуп, баш ооруйт. Эстен танууга психикалык күчтүү таасир (өтө капалануу, коркуу жана башкалар), канды көп жоготуу, ашыкча чарчоо, ачкалык, үп бөлмөдө узакка болуу, бөйрөк, боор, ичеги коликасында катуу ооруу, күн өтүү, ысык уруу жана башкалар себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле ал жүрөк ишинин же борбордук нерв системасынын бузулушунун белгиси болушу ыктымал. Адам эстен танганда өңү кубарып, көзү алактайт жана жумулат, оорулуу жыгылып кетет. Эстен тануунун жеңил түрү 1—2 мин. созулат. Демейде эстен тануу бир нече секундадан 5—10 мин. созулушу мүмкүн. Бул учурда токтоосуз врач чакыруу зарыл. Врач келгиче оорулуунун башын эңкейиштете жаткырып жакасын чечип жана курун бошотуш керек, терезени ачып бөлмөгө таза аба киргизүү, бутуна жылыткыч коюп же катуу чүпүрөк менен сүрткүлөө зарыл.
Оорулууну эсине келтирүү үчүн бетине муздак суу чачып, уксус, атыр, нашатырь спиртине кебезди нымдап жыттатуу жана аны менен чыкыйын сүртүп, ал эсине келгенде коюу демделген ысык чай же кофе бериш керек. Эгер жогоруда айтылган чаралар жардам бербесе медициналык жардам чакырылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8