Этнопедагогика

Википедия дан

Этнопедагогика термини илимий лексиконго 60—70 жылдарда Г.Н.Волковдун эмгектери аркылуу кирди. Атап айтканда, анын «Чуваш элинин этнопедагогикасы» (1966), «Этнопедагогика» (1974) аттуу эмгектеринде бул илимдин өзүнө таандык табияты, нерсеси, изилдеп чечүүчү көйгөйлөрүү алгачкы жолу аныкталып, өз алдынча илим катары калыптанышы, өнүгүшү үчүн өбөлгөлөр түзүлдү. Буга чейинки илимий адабияттарда элдин таалим-тарбиялык тажрыйбаларын изилдөөчү билим катары «элдик педагогика» термини колдонулуп келген. Белгилей кетүүчү нерсе, бул терминдин маңыз мазмуну боюнча окумуштуулар арасында азыркыга чейин да бирдиктүү көз караш жок.

Педагогикалык адабияттарда көбүнесе кездешкен аныктамалар төмөнкүлөр:

  • «Элдик педагогика — элдин оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салттарда, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогикалык идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму», тарбия жаатындагы элдик эмпирикалык билимдер», «оозеки педагогикалык чыгармачылыж» (Волков Г. Н.),
  • «Окутуу, тарбиялоонун максаты, милдеттерин, каражаттарын, көндүм, ыкмаларын өз ичине камтыган элдик эмпирикалык билимдердин тутуму» (Ханбиков Я.И.),
  • «Эл массаларынын тарбия жаатындагы көз караштарынын, үрп-адат, каада-салттарынын жыйындысы. Анын объектиси бардык жыныстагы, бардык жаш курактагы адамдардын инсаны» (Гашимов А. Ш.),
  • «Эл массаларынын тарбия жаатындагы көз караштарынын тажрыйбаларынан улам жаралып, практикада текшерилип, тастыкталып, муундан муунга оозеки өтүп келген эмпирикалык билим, көндүм, ыкмалардын тутуму» (Измайлов А. Э.).

Келтирилген мисалдар таасын көрсөтүп тургандай, окумуштуулардын ойлорунда олуттуу айрымачылыктар деле жок, тескерисинче, алардын пикирлериндеги кээ бир өзгөчөлүктөр элдик педагогиканын маңызын ар тараптуу түшүнүүгө жардам берет. Ошондой болсо да элдик педагогикага мүнөздөмө берүүдө төмөнкүдөй принципиалдуу жагдайларды эске албай коюуга болбойт.

а) Тарбиялоо жөнүндөгү талаптар, керектөөлөр жана тажрыйбалар улут пайда болгонго чейин эле пайда боло баштайт. Алсак, азыркы адамдар үчүн эрежеге айланган улууларды сыйлоо салтынын учугу уруулук коомдо жатат. Өткөн муундардан мурас калган өнөрлөрдү, турмушка керектүү жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүш үчүн уруу коомунун жаштары уруу башчыларын, улууларды кунт коюп угушуп, алардын акыл-насааттарын, буйруктарын өзүлөрүнө үлгү катарында кабыл алышкан жана аткарышкан. Байыркы мезгилдерден тартып ушул күнгө чейин бул салт эл турмушунда бекем сакталып келе жатат, же тарыхтын буурул таңында көз жарган мифтерди мисалга тарталы. Мында деле адамдардын жашоо-тиричилиги, адеп-ариетине байланышкан орошон ойлор, осуяттар мол. Андыктан, улуттун улут болуп калыптанышындагы ошол рухий башаттар да чоң роль ойлогонун эске ала жүрүү шарт.
б) Элдик педагогикалык идеялар, адат-салттар, жөрөлгөлөр элдик керектөөлөр улам пайда болот, өсөт жана өнүгөт. Биринчиден, элдин керектөөсүнө шайкеш келген рухий педагогикалык нарк-дөөлөттөр гана элдин салттуу ишенимине, идеалына айланат. Экинчиден элдин рухий практикалык, турмуштук талаптарынын улам өсүшү жаңы педагогикалык табылгаларды, тажрыйбаларды жаратат, өнүктүрүлүп өстүрөт.
в) Ар бир элдин педагогикалык маданияты өздөрү жашаган географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу өзгөчөлүккө ээ болот. Ал эми, географиялык чөйрө да тарыхый шарттар да бардык жерде бирдей эмес.
г) Элдик педагогика — бул баарыдан мурда, тигил же бул улуттун социалдык турмушунун практикасы, таалим-тарбия жаатындагы нерселүү, жөрөлгөлүү иш-аракеттеринин бөтөнчө тутуму. Демек, элдик педагогика тарбиялоо, билим берүү жаатындагы акыл-ойлордун, ишеним-идеалдардын гана уюткусу эмес, ал баарыдан мурда, ошол идеалдарды калыптандырууга багытталган элдин практикалык педагогикалык иш-аракеттерин өз ичине камтыган өзгөчө феномен. Жогорудагы көрүнүктүү окумуштуу-этнопедагогдордун пикирлерине жана кошумча далилдерге таянуу менен элдик педагогикага төмөнкүдөй жалпылама аныктама берүү ылайык.

Элдик педагогика — бул улут улут болуп калыптанганга чейин эле узак мөөнөт жашап, белгилүү географиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүүн негизинде өнүгүп-өркүндөп, адамды ишенимдердин, ыймандык нарк дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоого багытталган билимдердин жана практикалык эмпирикалык муундан-муунга мурасталган идеялардын, ишенимдердин, иш-аракеттеридин бөтөнчө тутуму.

Эгерде элдин рухий жактан өнүгүшү үчүн кайдыгер кароого мүмкүн болбогон, атүгүл анын тагдыры үчүн олуттуу мааниге ээ болгон бөтөнчө кубулуштар бар десек, анда алардын сырт үйүнүн чечмелөөчү илимдин жаралышы дал ушул мыйзам ченемдүүлүктөр менен түшүндүрүлөт. Этнопедагогика илиминин жаралышы дал ушул мыйзам ченемдүүлүктөр менен түшүндүрүлөт. Азыркы илимде аталган терминге карата Г. Н. Волков тарабынан берилген аныктама туруктуу деп кабыл алынган.

Этнопедагогика – бул өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоо боюнча калайык-калктын тажрыйбасы, анын педагогикалык көз караштары, турмуш-тиричиликтин, үй-бүлөнүн, уруктун уруунун жана элдин педагогикасы жөнүндөгү илим» (Волков Г. Н. «Этнопедагогика», 1974, 66-б.).

Этнопедагогика — «этнос» жана «педагогика» деген илнмий терминдердин курамынан турат. «Этнос»-урук, урук, эл улут деген түшүнүктөрдү жалпы туюнтуучу илимий термин. Демек, этнопедагогика термини элдердин, урук, уруулардын, улуттардын педагогикалык билимдери менен тажрыйбаларын жалпылоочу илим ка-тары туура негизделген.

Г. Н. Волков «элдик педагогика» жана «этнопедагогика» ортосундагы чекти ачык жана так ажыраткан. Элдик педагогика элдин таалим-тарбия идеяларын, тажрыйбаларын мүнөздөөгө карата айтылса, ал эми этнопедагогика теориялык ой жүгүртүүлөрдүн, илимдин чөйрөсү.

Элестүү айтсак, эгер элдик педагогика жана этнопедагогика аттуу хрестоматиялык жыйнак түзүлө турган болсо, анын биринчисинде элдик педагогикалык мазмундагы оозеки чыгармалар, үрп-адат, каада-салттардын кыскача баяндамалары орун алмак, ал эми экинчиси ошол тарбиялык салттарды, орошон ойлорду илимий талдоого алган эмгектерден турмак.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004