Ээр

Википедия дан

Бул — ат жабдыктарынын ата башы. Анын жердиги карагайдан, талдан, теректен болот да, ал ат минүүдө адамга отургучтук милдетти аткарат. Ээр «байтеше» аркылуу чабылат. Байтеше менен ээр сомдоосунан ойдогудай чыккан жыгачтын кем-карчы маки, бычак аркылуу чебер жонулуп, жымсалдоодо түрпү менен түрпүлөнөт.


Ээр чабуунун үч түрү бар: «Оймо ээр» — тоголок жыгачтардан чабылат. Муну усталардын басымдуу көпчүлүгү кармайт. «Аштама ээр» — бул төрт бөлүктөн турат: ээрдин эки капталы, ээрдин кашы, ээрдин чарасы болот. Анын чарасы уюл жыгачтан чабылат да, кашына катуу жыгач тандалат. «Курама ээр» (Пайгер ээр) — көп бөлүктөрдөн турат. Муну «чаптама ээр» деп да коет.
Чеберлер көбүнчө кучмач ээрине узанышат. Аны айрым жерлерде «Ак каңкы» деп аташат. Бул кыргыз ээри болуп саналат. Ал — ээрдин өзүнчө өзгөчөлөнгөн түрү. Алдыңкы кашы жазы жана тегерек түспөлдө да болот. Кыскасы, бул — эр ээри болот. «Эр эңиш», «улак тартыш», «тыйын эңмей» сыяктуу улут оюндарына токулат. Айрым аймактын ээр чабуучулары буюмдун жердиги үчүн бака теректи, сай теректи, көк теректи, кара жыгачты жана тоо кайынды да көбүрөөк пайдаланышат. Жоон долоно, акчечек өңдүү жыгачтардын ийин тапса ээр үчүн табылгыс жердик болот. Мисалы, бака теректи кыйып келет да, өлчөп, төрт-беш ээрдик жыгачты суу кезинде бир учурда сомдоп, аны темир бочкага салып, үч-үч жарым саат кайнатат да, көлөкөдө кургатат.

Кайноодон чыккан ээрге эми солидол сыйпалат. Мында ал жарылбайт, шамал өткөрүлбөйт. Солидол жыгачты сиңирип алат да, кургаганда суу кирбейт. Капталган теринин ичиндеги жыгач чирибейт. Бизде «хожент ээринин» (Тажикстанда Хожент деген жердин ээрчилеринин чапкан ээри) түспөлү да сакталган. Ээр чоң, карчыттуу жана чаралуу келет да, кашы кичине, ачакейи кенен, моюну букталуу көрүнөт. Чеберлер өзү жасап алышкан, иштөөгө оңой ээрдин кашын чыгара турган кийине ийгиси болот. Ал «кош кыргы» деп аталат. Чен бирдиги менен алганда коло жыгачтын (чүркөнү) узундугу 60 см кыйылса, мунун (2 см и кетип) 58 см и ээрге чакталат. «Жыгач кырксаң узун кырк» — деген сөз бар. Туурасы 40 см болуп, каштын башы менен алдыңкы актасы 38 смге, мунун кобулу 18 см ге, кобулдун арты 22 смге барабар. Ээрдин чарасы менен тээги (арткы актанын башы жана чаранын алды менен беш см келет. Актасынын (тарагынын) узундугу 42 см ди, эндүүлүгү 10 см ди, ички кобулу, асты жети см ди, аркасы беш см ди түзөт. Анткени, аттын сээри — өркөчү бийик келет. Аттардын жону ар кандай көрүнөт. Кыр жон ат, кой жон ат бар. Мунун жону тоголок болот. Ээрчилер мындай бөтөнчөлүктөрдү эске ала узанышат. Мында чаранын айланасы 80 см, анын калыңдыгы 3 см, орточо 1,5 см, ээр кашынын ичке моюну 15 см, моюндун этегинин калыңдыгы төрт см болсо гана максатка ылайыкташат.


Жергиликтүү карагайды кыйып келип, кабыгын албай, кенен бир жылдай кургатат. Анын эки учуна солидол сүйкөп коёт. Анткени, ортолоруна чирик өткөрбөйт. Мунун 55 см орточо ээрге, 60 см чоң ээрге чакталат. Жыгачты кесип алып, сомдоп туруп, суу ичине өтүп, сары суусу менен чайыры чыкканча кайнатат да, анан чаба баштоо керек. Улам чаап, улам кургак жерине жеткен кезде кайнак суудан куюп, чаба берет. Ээрдин алдыңкы актасын айрым чеберлер 18,5—19 см кылат. Себеби, уй терисинин калың жери жана жука жери бар. Ошого карата арткы актасы 24 см болот. Андан кемиткенде аттын жонуна токтому болбойт. Эгер мындан кең болсо, атты жоорутат. Ээрдин кашынын узуну 12 см келет.


Талды кыйып келип, дароо сомдой коюп, ага солидолду сыйпап таштаса ал сиңет да, жыгачка ачык күрөң өң берет. Мындай жыгач көпкө жатып, май сиңди болот. Айрым чеберлер ээр чабууда чыканак ченди колдонушат. Сары талды кыйып келип, абдан кургатат. Анын кабыгын аарчып, көбүнчө күнгө коюп, анан чаба баштагандар бар. Болбосо, талды кыят да, ал эки-үч жыл катары көлөкөдө кургатылат. Мында аздан кармап чаап, кайра таштап, ойдогудай кургатып чаппаса, кийин токулганда кыйшайып, кажып кетпейт. Ошондуктан, бир топ ээрди чабууну бир мезгилде баштап коет да, кезек-кезек кармап отурат.


Тал, теректи кыйып келип, андан тактай жасоо керек. Ээрдин бөлүктөрүнүн өзүнчө үлгүлөрү боюнча тактайды араалап, маштап, татаал жерлери керки аркылуу жымсалданат. Мында уста анын эки босогосун чыгарып, ал жыгач желим аркылуу чапталат да, ага тарамыш коюлат. Анан ээрдин чарасы менен эки каптыргасы өзүнчө бириктирилет. Ага эки босого карматылат. Арткы шынаасы жана ээр кашы акырында орнотулат. Мунун бул бөлүктөрүн бириктирүүдө бодонун, төтөн, жылкынын жибек тарамышы керектелет.


Ээрди кайыңдан чапкан усталар бар. Тоголок кайыңдын бир жак тарабын тегиз тактай кылып чаап, анан бир жак башынан 31 см ге ченеп, артын 37 см ге ченеп, сызгыч аркылуу сызып, калган ашык тарабы чабылып ташталат. Анан ортосун оет. Мунун алдыңкы каш жагы 14 см дей болот. Арт жагы 11 см тереңдикте болот. Чабууга татаал үстүңкү бети байтеше менен алынат. Анын орто жери атайы керки аркылуу жыгачтын каршысынан чабылып, ийине келет. Демек, ээрдин чарасынын калыңдыгы бир гана см болушу керек. Ал эми ээрдин чарасынын эндүүлүгү 37 см ге барабар келет. Ээрдин алдыңкы актасы 4—5 см, мунун калыңдыгы бир см, арткы актасы 15 см, калыңдыгы бир жарым см дей келет.


Ээрдин эки капталы жыйырма см дей болушу зарыл. Ошондо ээрдин узундугу (жаздыгы) 40 см келип, каштын бийиктиги 25 см, чаранын жаздыктан бийиктиги 15 мм ди түзөт.

Мында ээрчи ээрдик кайыңды кыйып келээри менен дароо чабат. Аны анан чоң казанга бир саат кайнатат. Ошондо кайыңдын сары суусу чыгып, жыгач бышык болот. Суусу бат кургап, кийин урунууда жарылбайт, же токунууда жешилип, кажып кетпейт.

Ээр кашын бүркүт томогосундай чыгаруу көрктүү көрүнөт, Ээрдин кооздугу көрпөчө салбай, басмайыл тартканда атты да шаңдандырып, ойдогудай оюлган каптырга соорусунан караганда аттын кош кулагы шамдай көрүнүп турат.

Илгерки усталар таптаза чаап бүткөн ээрлерин сорпонун майына «кана ичирип», отко кайсап алса, эмикилер «веретонка» майын сыйпайт. Ага автол сүйкөсө да жарайт. Суу жыгач жарылбай, боюна тартып, кайра мүнөздүү катып, мыкты кургайт.

Айрымдар ээр чабууну көк теректи бүрдөй электе кыйып келүүдөн баштайт. Аны даярдоо кышында болот. Өсүмдүктүн кабыгын аарчыбаса жарылбай тура берет. Мында болжоп, көлөмүн алып, чаап кирүү керек. Сомдолгон ээр эки айча көлөкө жайда жатат. Ал жарылып кетпесин үчүн жыгач желимди сүйкөп коет. Чеберге ээрдин кургаганы билинип турат. Ээрди чабууда абалы эски ээрдин көлөмүн өлчөп, адегенде ат өркөчүн баспагандай кылып, анын үстүн чаап алат. Эң аягында кашы берилет. Айрым чебердин ээр чарасы үчүн чүпүрөктөн бычып алган үлгүсү болот. Ал өлчөм катары колдонулат. Бул эки түрдүү ээрдин чабылышына чакталат. Ээр чарасынын кездеме үлгүсү эки бүктөлгөндө тепетең болуп, төптүктү жана тактыкты сактап турат. Албетте, мындай көрүнүштөр чебердин колунун кылдаттыгын, буюмду таза кармоонун, устачылык абийирин сездирет.

Тактыкты талап кылып, математикалык өлчөм болгондо гана буюм таза кармалат. Мында ээрдин бир актасы 45 см, арткы актасынын куюшкан бекитээр жери 11 см, өркөч үстү 16 см, мунун арты 21 см, жалпы алганда 36 см, асты 30 см, асты 19 см, чарасы 38 см, айланасы 95 см, ээр бери 45 см болот. Мында кашынын айланасы 32 см ге барабар. Ээрдин кашынын моюну 16 см, каш башынан тартып, алдыңкы актанын учуна чейин 31 см болушу тийиш. Анын калыңдыгы бир жарым, чарасынын калыңдыгы бир см дей болот. Ал эми ээр кашы эки кулактан турат да, айланасы 15 см ди түзөт.


Илгери ээр чабуучулар үчүн чен бирдиктери болгон эмес. Алар ээрдин ички бетин карыштап чыгарган. Мындай чапкан ээрдин ички бети 17 см ден башталат да, бели (отуруучу ортосу) 15 см ге барабар болот. Ээр бөлүктөрү так өлчөнөт да, чебер алардын өзүнчө схемаларын түзүп чыгат. Ээр көкүрөгүнүн калыңдыгы төрт см, кашынын моюнунун айланасы 17 см ге өлчөнөт. Кашы кичине болуп, моюну бийик, бели кичирээк ээр көркөм көрүнөт.


Ээр чабууну жүзөгө ашырууда көркөм шык эле жетишпейт. Аны кармап жатканда көкүрөк аркылуу туюп турушубуз керек. Адам дилинде уста болушу зарыл. Дээринде чеберчилик жатса, көркөмдүк ага жардамчы боло алат. Ээр чаап жатканда алдына ат тартылып, ага кандай токулат, муну көкүрөк сезип турушу тийиш. Демек, адам сезип турган нерсени бирөөлөргө өткөрүштүн өзү кыйын. Мындай чакта форма, сырткы көлөм, кооздугу бир гана көрүнүш болуп саналат. Кыргыз ээрин жасаган уста менен алармандын ортосунда ички жылуу сезимдер болушу зарыл. Чапкан ээрлерибиз аттын белин жоорутса, аларды жыйнап алып, өрттөп коюшат. Начар ээрлерди азыр дүкөндөргө чыгарып туйтунуп жатабыз. Арийне, бул көз басмалоо, өнөрдүн кадырын түшүрүү болуп эсептелет.

Талды кышында кыйып коюш да керек. Мында тал-теректин түп жагы катуу болуп калат. Аны чебер ээр көлөмүндөй араалап алат. Суу бойдон чаап, суу бойдон каптайт. Мында жыгач жарыла электе тери жыгачты тырыштырып, кадимки кайыш сыяктуу кургатат.

Ээрдин чарасы ээр кашынан төмөнүрөөк болушу керек. Чеберлер куш баш ээрин арбын кармашат. (Куш баш кашынан улам айтылса керек). Эки актасы (желдик келе турган жери) кайкыраак болуп, аттын жону түспөлдөнүп кетет. Ээрдин жону билинээр-билинбес, аттын жонуна тиер-тийбес болушу керек. Ошондо аттын үстүндө чарчабай тынч жүрөбүз. Ал өтө эле бийик болсо, дөңгөчкө мингендей болуп калабыз. Ээр энкейиште табарсыкты какпашы тийиш. Өйдөдө артына шыпырылып кетпеси керек. Айрым ээрлерди байкасаң адам жалаң ыңырчакка мингендей болот. Ээр чарасынын эки тарабына кооздук жана сынбасы үчүн бир элидей эки нукча коюлат. Мындай көрүнүш ээрдин алдында да болот. Ал көрпөчөнү алга тартпай турат.

Ар бир ээрчинин ээр чабууда өзүнө таандык тактыктары бар. Ал анын жекече узануу чыйыры болуп калат. Айрым ээрчилер чабылуучу ээрдин узундугун 54 см кыят. Бир тарабын түз чаап, аны чалкасынан салып туруп, арткы актасын 36 см, алдын 32 см кылып, ошол сызык боюнча эки капталын түптүз чабат. Ошондо каштын башы менен алдыңкы актасынын учуна чейин 28 см болушу керек. Ээрди чалкасынан коюп, чарасынын учунан алты см таарып салса, арткы актанын башы чыгат. Каштын башы алты см келсе, алдыңкы актанын башы көрүнөт. Мында, актанын узундугу 42 смди түзөт. Алдыңкы актанын туурасы (көмөлдүрүк бекитүүчү жери) дагы алты см болушу керек. Ошондо арткы акты менен чаранын түбүнө чийин 19 см ге барабар. Демек, мунун борбору 18 см, туурасы 36 см, кашынын туурасы сегиз мм дей болот.

Чеберлер көбүнчө орточо ээрдин үлгүсүн алышат. Орточо ээрдин калыңдыгы 1,5 см болушу тийиш. Колдон келишинче жука чабуу зарыл, чаап бүтөөрү менен актасына дароо рейка уруу керек. Ал талтайып да, же куушурулуп да кетпейт, көлөкөдө тап менен мыкты кургайт. Ээрдин жердигине теректи кыйып келээри менен чаап болуп, аны соляркага салып коюу керек. Ал жыгачтын сары суусун, шорун жана чайырын өзүнө тартып алат. Солярка ойдогудай сиңгенден кийин жыгач өтө какшып кургап, урунганда кажып калбайт.

Албетте, усталардын минтип көркөм буюмду кармоолорундагы жекече ыкмалары анын башкалардан айдан ачык айырмаланган өздүк тажрыйбасын жана чыгармачылыгын түшүмүн айкындап турат.

Айрым чеберлер топ ээлердин сомдоосун бир мезгилде баштап алат. Аларды ыңгайына карай биринен сала бирин кармап отурат. Ошондо төрт-беш ээрди бир гана учурда колдон чыгара алат. Ээр кашын усталар «Уй туяк», «Шалпык кулак», «Төө таман», «көөкөр каш» өңдүүлөр бөлүп узанышат. Алсак, «көөкөр каш» каштын эки уурту кадимки көөкөрдүн бурчундай, ийиндүү болуп, же ийиндүү кишидей имериле көрүнүп турат. Айрым чеберлердин чапкан ээринин кашы «шалпык кулак» деп аталат. Мында каштын эки ууртун эңкейтип коет. Мындайынан караганда ал копол көрүнүп калат. Устанын баяндоосунда ээрдин чарасынын алдыңкы актыргага «тыйын эңиште», «улак тартышта» согончок чап илине түшөт. Ошондуктан, усталар атайын улут оюндары үчүн бирден ээр чабышкан. Анын көчүк басаар чарасы жайыгыраак келет да, актыргасы кенен болот.


Ээрдин моюну кыска болсо, бир моюн адамдай көрүнүп калат. Ал эми кашы узунураак өзүнүн ченемине келип, суйкайыңкы болуп турса, аргымак аттын же туурунда таранып олтурган кыраан куштун моюнун элестетет. Акыйкатта, ээрдин моюну так ошондой болгондо гана кашы көрпөчөдөн койкоюп көрүнүп турат.

Ээрдин эки капталы — үзөңгү илээр жери дөңүрөөк болушу зарыл. Ал аттын эки далысынын чуңкурчаларына кынаптала кирип, демек, ат мында бөйрөк жоор болбойт. Ээрдин баш-аягы аты жок менен чыканак аркылуу өлчөнөт. Ал «чыканак чен» деп аталат. Ээрдин арты (арткы актасы) туура карыш болсо, аттын белин баспайт. Ээрдин алдыңкы «сээри», башкача айтканда, «алдыңкы актасы» сөөм болушу максатка ылайыкташат. Ээрдин үстүңкү эки капталы устанын өлчөмү менен туура эки карыш болот.

Көл тарапта ээрдин жердигин тал менен теректен тандашат. Мунун ичинде кара талдан даярдалган ээр кийин кажып кетпей, урунууга өтө бек келет, Терек ээр утуру тетири чабылат да, муну да кармоонун ички-сырткы сырлары бар. Демек, тал-теректи кыйып келээри менен дароо чаба коюп, биротоло чабылган ээрди бир жерде кургатат. Кургоо учурунда жарылып кетпеши үчүн алар да солидол сыйпап таштайт. Анан биротоло чабылып, кургап бүткөн ээрди уста уйдун чылгый териси менен каптаганда ал чап кармайт.


Алар көбүнчө «кучмач» ээрге узанышат. Анын кашын чеберлер туурда таранып отурган куштун томогосундай өтө көркөм чыгарганы менен көрүүчү сынакейлерди өзүнө тартат. Ээрдин узундугу 55 см, дм и 46 см болгондо ал карчыттуу болуп, жылкыга токууга талаптагыдай шартташат. Ээр далынын күзгүсүнө бирдей жатып, арты аттын бөйрөгүнө кынаптала түшөт. Андыктан, ээрдин астыңкы тарагын эки жарым эли, арткы тарагы үч эли, ээр каптыргасына чейин сөөм кылып кармообуз керек.


«Бир эле ээр аттын алты жерин жоор кылат» — дешет тажрыйбалуу чеберлер, — ошолордун бирөө жоорубаса ошол «ээрчи» деп аталат. Жаман ээр аттын өркөчүн шишитет. Ээр эки бөйрөгү менен эки далысын басат да, аттын белине тиет. Айрым усталар көңүлүнө жаккан эски ээрди аттын белинен алып, анын бөлүктөрүн карап, көңүлгө түйүп, өлчөмүн ченеп, ээр чабууну баштайт. Ал ээрдин түспөлү бара-бара көкүрөккө жатталып калат.

Күзүндө талды кыйып, анан чоң ээрлердин узундугун 55 см кылып араалап, кабыгын аарчыбай, бетине гудрон (кара май) сыйпап, көлөкөгө коюп, эки-үч айдан кийин кургаганда аны чаба баштаган ээрчилер бар. Мында ээрдин ар бир бөлүгүнүн кагазга чийилген өлчөмү сакталат. Тактап айтканда, см менен берилген кагазда ээрдин бөлүктөрүнүн үлгүлөрү так болот.

Усталар «чоң ээр», «орточо ээр», «кичине ээр» — деп, муну көлөмү боюнча үчкө бөлүп узанышат. Ээрдин кадимки нускасын чабуу үчүн эски ээрлерди иликтеп, алардын үлгүлөрүн так алууга аракеттенүү керек. Ээрди курап да жасашат. Ал «курама ээр» деп аталат. Мындайынан алганда «курап жасоо — усталык, туюк чабуу жөнөкөй эле өнөр» — дешет. Деген менен бул эки ыкмага тең устанын колу тиет. Куранды ээр кармоо — татаал аракет, түйшүктүү келет. Мунун сыры желимди «ичире» жана аны жасай билүүдө турат. Тарамышты тарап, желим аркылуу аны курандылап «ичирүү керек». Ичирүү — желимди коюу жабуу. Эски анжиян ээрин таап, аны атайын ажыратып, ички бириктирилген ыкмаларын байкаса, мурунку усталар буюмдун түбөлүктүүлүгүнө назар ташташкан. Ал ээр сегиз бөлүктөн болот. Ээрдин эки капталы, кашы так ортодо болуп, акырек тең эки бөлүк, чарасы үч бөлүк, эки капталы эки, ортосу бир бөлүк болуп түшөт. Бири-бири менен жешилбөө үчүн мына ушул бөлүктөргө усталар мүйүздөн, сөөктөн «жээк» кылып коюшкан. Кайың кабыктарын жаап, өзүнчө кооздук берген. Анжияндык кыргыздардын ээри туурга конгон туйгундай сындуу келип, «сыры кетсе да, сыны кетпейт». Ал жылкынын белинен омоктуу орун алат. Жеңил да, бышык да келет. Көпчүлүк усталар жалпы журтчулукка бирдей жаккан мына ушул ээрдин үлгүсүн алууда. Ат жабдыктарын кармоого ышкысы артылган чеберлер бир топ сынган ээрлерди чогултуп алып, мына ошолордон үлгү жаратат. Мыкты усталар чапкан же кургаган ээрлерине өзүнчө талап коет. Ат оонаганда, улут оюндарында («эр эңиш», «улак тартыш» ж. б.) токунганда сынбашы тийиш. Улам убакыт өткөн сайын ээр ич ара чапталышып, жыгач өзүнүн ички касиеттерин кармап, бышыктала барышы зарыл. Албетте, бул буюмдун жердигине, аны табы менен кургатып, иштете билүүсүнө шартташат. Чебердин айлакердиги мына ошондо билинет. Демек, үстү адамга тынч, алыс-жакын жүргөндө белибиз оорубайт. Элдик оюн - шоокторго атайын токулууга жасалып калгандай туюлат. Анткени, «улак тартышта» улакчы ээрдин кашына алат. «Эр эңиште» балбандар ээр кашын кармашат. Бири-биринин колдорун каштын ачакейине басышат. Азыркы усталардын көбү ээрлердин кашын жакшы беките алышпайт. Натыйжада, бак-дарактардын бутактарына илинсе, сарайларга киргенде босогого каштары сынып калат. Кашты жасоо, омкорулган каштын ордуна каш салууда айрым усталар жан киргизип коюшат.


«Сынбасты уста кармабайт, өлбөстү кудай жасабайт» — дейт. Кандай гана буюм-тайым болбосун өзүнүн чегине жеткен сапатта болушу талап кылынат. Ээр жерден бирдеме эңгенге оңтойлошот. Кой-эчки жана башкаларды өңөргөндө үзөңгү шак бутка илине калып турат. Ат майдандарында тамандуу үзөңгүдө салмак болот. Кандай гана буюм кармаба, аны берилип, каалоо менен жасап, ал буюмду сактап, барктап урунуубуз устанын кадырын арттырат.

«Малдын жашын менден сура, кайыштын жашын майдан сура» — дейт. Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн жылына эки курдай майлап, кургак кийизди бензинге малып, чабылган шөкөттөрүн сүртүп туруу керек. Тери буюмдары үчүн балыктын майы, сорпонун майы колдонулат. Жылкынын майы кайышты кыпкызыл кылып, ага наар түшүргөндөй өң берет. Каштын башын булгаары менен каптоодо чоң чеберчилик болушу зарыл. Мейли усталар ээрди туюк чабабы, же курап жасайбы, баары бир желим менен тарамыш керектелет. Ансыз ээр ойдогудай бекемделбейт.

Айрымдар мурунку усталардын кармаган ээрлеринин сүрөтүн тартып, чийимдерин так алып, мына ушунун негизинде өзүнүн чаба турган ээринин ченемин табат. Демек, мингичке токууда мына бул үлгүнү пайдаланган чеберлер бар. Ээрдин жердик коер каптыргасы 44 см, кашынын бийиктиги 32 см, чарасынын бийиктиги 26 см, ээрдин алды (өркөчкө тийүүчү жери) 30 см, анын үстү жагы 19 см, ээр кашынан чарасына чейинки узундугу 55 см, чарасынын туурасы 41 см, чаранын ээр кашынын түбүнө чейинкиси 41 см, арткы каптыргасы 36 см болушу зарыл. Ээрдин алдыңкы чагарак илгичи 9 см, арткысы 18 см, экөөнүн туурасы 9 см келет. Ээр чабууда усталардын бири-биринен айырмасы ээр өлчөмү боюнча 5—1,2 см эле боло алат. Адам ат менен ат жабдыктарынын кадырына жете урунуусу бул буюмду жасоого шык болот.

Күмүштөн башка жалтырак металлдар сыяны өзүнө кабыл албайт. Шөкөттөрдүн жүзүн ачпайт. Чапкан кооздуктарда усталар эркектер менен аялдардын эски ат жабдыктарынан нуска катары калтырылган үлгүлөрүнүн ортосунан өзүнчө форма — түр тапканы көрүнөт. Албетте, узануунун бөтөнчөлүктөрү аспап-куралдардын ар түрдүүлүгүнө байланышат. Аны ар бир чебер өзүнүн көөнүнө жаккандай жасап алышат. Мүйүз балка жука темирлерди чабууга шартташат. Чөлмөк шибеге «чүмөк шибеге» десе да болот. Ал кайыш менен булгаарыны беттей кайып жатканда чымыратып тартып турат. Сары мүйүз илме шибеге болот. Чеберлер аймактык ээрлердин сүрөтүн анын өлчөмүн алууга да болот.

Талас өрөөнүндө ээрдин эки түрү бар. Анын бири «кудаяр ээри» деп аталат. Муну «Кокон ээри» деп да коюшат. Кашы жалпак келет. (Сүйрү калак баш сымал кашы бар ээрлер Талас тарапта арбын болот.) Ага оюм-чийим шөкөттөрү, гүл мыктары чабылат. Зергерлердин ээр кашына жука металлдарды чаап, бетине оюм-чийим түшүрүү салты азыр да сакталган. Мындан сырткары «Анжыян», «Куш баш ээри» эл ичине таралган. Бул таберик-нуска катары жүздөгөн жылдары колдонулган буюмдар өзүнүн көөнөрбөс үлгүсүн, өлбөс-өчпөс өмүрүн жана сын-сыпатын сактап кала берет.

Ээр чабуу жеңил-желим иш эмес. Ээрдин накта үлгүсүн табуу үчүн аттын үстүнүн гипси менен калыбын алган чеберлер бар. Азыр жылкылардын жаңы тукуму өстүрүлүүдө. Мына ошого карата ээрдин жалпы өлчөмү өзгөрүшү да мүмкүн. Биз үлгүнү эски-жаңы кылып сактообуз керек. Ошондо орточо алганда ээрдин эки актаргасы 43— 45 см, өркөчтүн үстү 15—16 см болушу тийиш. Чоңу болсо, өркөчтү басат, кичине оюлса, атты жоор кылат. Ээрдин арткы бел басаары, 20—22 см, чарасынын туурасы 40 см, киши отура турган жеринин алды 12 см, эки актырганын ортосу 30—32 см ге барабар. Арт жагы 34—35 см болот. Ээр кашын өзүнчө жасашат. Минтип жасоодо жыгач да үнөмдөлөт. Кашы менен чапкан ээрдин жыгачы жумуру болушу тийиш. Анан1 ээрге үч бурчтук формада кашты аштап, желимдеп коёт. Мында ээрдин чарасынын жукалыгы 15—18 см болот. Бул чебердин өтө кылдаттыгын баамдатып турат. Мунун жердигин уста теректен тандаса, мындай жыгачтын суу кезин, же кургак кезин даана билүүсү керек. Суу чакта чапса, жыгач кургаганда куушурулуп, өзүнөн-өзү кысылып, кичирейип кетээри түшүнүктүү. Демек, жыгачтын туурасынан жыйрыла турган касиети болот. Мында абалы анын ичин оюп алып, анан үстүн сыйдалайт. Ошондо жыгач мээлүүн кургап, улам чаап, улам коюп отуруп, өз өлчөмүнө келтирилет. Кыйылган терек кабыгы аарчылбай күндүн ысыгында жатса, анда өзүнчө биологиялык процесс жүрөт да, борсуйт, ич ара ачыйт. Ошол боюнча кармаган ээр кийин баштапкы абалын сактай албай, кажып калат. Ошон үчүн сууга кайнатып, сары суусун чыгарганда жыгачтын тарам-тарам болгон тарамышы гана калат.


Айрым усталар ээрдин 15—20сын бир убакта чабалышат. Мында алды кургап чапканча берки чабылуучу ээрлер күтүп турат. Ошондо айына 20—25 ээр колдон чыгат.

Негизи терек ээр август айында кыйылат. Теректи аарчыйт да, бир ай жайында сулк жатат. Сомдогон ээрлер көлөкөдө болуп жарылайын десе же катууланып баратса солидол сыйпалат. Чоң уйдун териси болсо 14—15 ээрге тыш болот. Болжоодо он бир ээрге сегиз кило (2,5—3 см) мык жумшалат. Айрым усталар «Нанбаш» ээрин алты бөлүктөн кылат. Айырмач ээр 18 бөлүктөн турат. Куш баш ээр туюк чабылат. Ээрди чабууда, анын кашын чыгарууда бычак албай, жалаң керкинин мизин этиет тийгизип отуруп, кашыктай сыйда кылып таштагандар бар.


«Эр ээринин ата башы ак каңкынын» түспөлүн усталар эски ээрлерден алат. Муну кичине да, орточо да, чоң да — так өзүндөй кылып да чабууга болот. Албетте, ээр да өзгөрө бериши мүмкүн. Усталар анын жаңы түспөлүн табууга изденишүүдө. Буга кынаптап тердик менен желдикти шайкештентүү керек.

Куранды ээр чабууда да чеберлердин жекече өздүк ыкмасы, байкоолору бар. Буга 40—50 мм тактайлар жарай берет. Ал атайын үлгүлөр менен кесилип алынат да, аракет ээрдин бөлүктөрүн даярдап алуудан башталат. Демек, ээрдин каптыргасы өзүнчө, чарасы менен эки акыреги, кашы өзүнчө кармалып, курама ээр негизинен жети бөлүктөн турат. Алар бири-бири менен жиксиз кынаптала ашталып, желимге «ичирилет».

Туюк ээрден курама ээр абдан айырмаланат. Биринчиден, мында жыгач үнөмдөлөт. Экинчиден, токунуп жүргөн чакта кийин ээр баштапкы калыбын сактайт. Үчүнчүдөн, курандылар каршы-терши жайлашып, Анжиян ээрден бышык болот. Буга азыр «ПВА» смола өңдүү желимдер пайдаланылат. (Бул — химиялык жолдор аркылуу жасалган чайыр.) Кучкач ээрдин кашы кичине келет. Куштун башына окшошот. Ошон үчүн «кучкач ээр» (куш баш ээр) десе керек. Ак каңкы болсо башы барбайып, бүркүт томогосундай (негизи бүркүт баштанып) алдына эндүү болот. Экөөнүн тең көөдөнү бирдей келет. Мында эки ээрдин кашынан гана айырма көрүнөт.

Ээрдик талдын узундугун 50—55 см кесип, адегенде акта келүүчү жагын түздөп, чаап алат. Астыңкы акта менен арткы актанын өлчөмүнө карата (акта-желдик келүүчү жери) чийип алып, ошого карата актанын коңулун биринчи бүтүрсө болот. Анан ээрдин үстүңкү бетин чаба баштайт. Буга чарасы менен моюну кирет. Эгер тал нымдуу болсо, иштетүүгө жумшак келип, узануу учурунда жарылбайт. Жердик өтө катуу болсо чабуусу оор. Өтө суусу жарылып кетет. Чаранын формасын чыгарган соң анын кашын бүтүрөт. Эгер жыгачтын өлчөмүндө ээрдин көөдөнү кошо чыга турган болсо, кашты туюк эле бир чабуу керек. Көөдөнү жетпесе, кашы өзүнчө жасалат да, экөө бири-бирине ашталат. Мында актанын узундугу ээрдин кашы менен чарасынын узунунан 10—12 см кыска болот. Анда жалпы ээрдин узундугу эки карыш, бир нукумдай (50—55 см келет). Ошондо актасы 40—42 см, актарынын коңулунан бийиктиги алды болжолдо 14—16 см (бир карыш), артынын бийиктиги 11—12 см (сөөмдөй) келип, ээрдин атка отурушу көркөмдүү көрүнөт. Ээр бийик болсо, коңкоюп калат.

Терекке караганда ээр чабуу үчүн бак мыкты көрүнөт, — деген усталар бар. Ал тарамыштуу катуу келет. күздө кыйып, ченеп алып, абалы аны балта аркылуу сомдойт. Анан керки менен майдалап чаап, ээрдин өзү жаралгандан кийин -ал жарылып кетпеси үчүн чоң казанга тузга кайнатат. Мында ичиндеги заттар сууга чыгып, бактын тарамыштары бири-бирине жабышып биригет. Тузду жыгач өзүнө сиңирет. Анан малдын майын же вазелин сыйпап койсо, ээр какыс болуп, өмүрү жарылбайт. Тузга кайнатуудан чыгары менен, ушинтип, күн көргөзбөй туруп, дароо каптоо зарыл. Ошондо элдик ат майданына токуп, ат оонап калсын, оңко турсун, жарылып кетпейт. Айрым ээрлер улакчылар токунууга шартташкан бөтөнчөлүктөрү болот. Анда үзөңгү боо өтүүчү теминги эки элидей өйдө алынат. Бул улакчы улакты өйдө ныгыра жапмага — жоон санга жеткире тыкан басууга оңтойлошот. Ансыз улак жапмадан салаңдап калат да, ал колдон бат чыкма болот.

Ат-Башы, Нарын өрөөндөрүндө бака терек өсөт. Ал оролуп чыгат да, шоо жарылып кетпейт. Бышык келет. Бул — илгертен бери климатташкан өсүмдүк. Мырза терек шоо кетип, түз жарылат да, мындан чапкан ээр кажып калат. Ар бир устанын өзүнчө ыкымы болот. Ал ошол аймактын жер шартына байланышат. Октябрь айы ченде тал-терек бышат, жалбырактары түшөт. Ошол тапта кыйып, ээрге ченеп-өлчөп араалайт да, балта аркылуу сомдоп, көлөкө жайга, как жерге коет. Арадан он күн өткөрбөй «жарылбай жакшы кургап жатабы» — деп, улам карап турат. Эгер жарылайын деген шек берсе, аны солидол менен майлашат.

Илгери болсо ошол жерге уйдун жаңы тезегин жабыштыра сыйпап коюучу. Күн алыс ошону суу менен жышып туруучу. Терек жайында бир айда кургайт. Ээрди арчадан чапкандар да бар. Капталбаса, кадимкидей арча жыты уруп турат. Аны чаап бүткөндөн кийин ага акиташтын суусун сыйпаса, кийин кыпкызыл болуп калат. Туюк чабууда ээр кашы негизги чарадан бийигирээк келет. Курсактуу адамдарга ээрдин моюну кыскараак келет. Себеби, ичти урбайт. Ээр кашы бычак менен чыгат. Ээр чабууда: түз керки (кадимки керки), ийги керки (чуңкур жери жаңырган ай сымал), жеңил керки (моюну жеткен жери чабылуучу керки). Буларды чеберлер курч, серпилгич темирден жасап алышат. Айрым чеберлер ээрдин жердигин көк терек менен жөнөкөй талдан тандашат. Муну чабуудан мурун ээрлерди чогултуп, үлгүлөрүн атка токуп көрүп, айтор, өзүнчө сындан өткөрүп, анан жердикти кайсы убак болсо да кыйып келип, койдун жаңы кыгын күрөп келип, тал-теректи ошого көөмп, он-он беш күнчө жаткырып алат. Мында аарчылган ак жыгач өрүк өңдөнүп күрөң тартып, өзүнөн-өзү чымырданат. Керки чакырлап, араң өтчүүдөй болуп калат. Ээр биротоло туюк чабылат. Чабуу учурунда кичине кемтик чыкса, жиксиз улап коюу, албетте, устанын кылдаттыгын көрсөтө алат.

Ээрди чабууда айрымдар кагаз үлгүсүнө таянат. Ал бир нече бөлүктөрдөн турат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)