Юнус Эмре

Википедия дан
Юнус Эмре

Юнус Эмренин качан жана кайсыл жерде туулгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Юнус Эмре 13-кылымда Анадолуда (Түркияда) жашаган. Юнустун качан жана ким тарабынан сабаты жоюлуп, кайсыл мектеп-медреседен таалим-тарбия алгандыгы биз үчүн бүдөмүк. Анткени бүгүнкү күндө бул маселеге байланышкан ынанымдуу факты-далилдер жокко эсе. Айрым түрк окумуштуулары Юнус Эмрени эч кандай билими жок, дыйканчылык менен шугулданып, ара-чолодо ыр жазып жүргөн дербиш катары бааласа, кээ бир адабиятчылар Юнус Эмре жалгыз гана ыр чиймелөө менен алектенген акын эле эмес, медреседен таалим алып, ислам маданиятын терең өздөштүргөн зыялы инсандардын бири болгон дешет.

Толук кандуу изилдеп чыккан айрым мударистер Юнустун медреседе окуу менен бирге тарых, география жана философия сабактарын кадырэсе өздөштүргөндүгүн тастыкташат. Юнустун ыр саптарын талдап отуруп, анын өз мезгилинде түрк тилинен сырткары араб жана фарс тилдерин мыкты өздөштүргөндүгүн байкоого болот.

Орто Азиялык суфий Ахмет Ясевинин чыйырын улантып, Месопотамия, Анадолу жана Балкан аймактарына өзүнүн өчпөс изин калтыруу менен түрк-ислам суфизм адабиятын негиздеген жана огуз түрктөрдүн оозеки тилин жазма тилдик калыпка салган. Жети кылымдык тарыхты камтыган акындын тили азыркы батыш түрк тилинин өзөгүн түзөт.

Адатта Юнус Эмренин чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо көбүнесе анын Кудайды таанып-билүүгө багытталган диний, дидактикалык ырларды жазып, ар бир сапты ийине жеткире иштегендиги белгиленет. Ал өлүм, өмүр, дүйнө, тагдыр, чындык сыяктуу адам баласын ойлонто турган олуттуу темаларга кадыресе басым жасаган. Ошол темалардын түпкү манызында жаткан сырларды ачуу менен адамзаттын турмуш жолун, тагдыр таржымалын калыс жана адилеттүү баяндаган.

Юнус Эмренин ырлары эки чоң агымдын бирикмесинен пайда болгон сыяктуу. Биринчи агым - бала кезинен тартып акындын кан-жанына, тулку боюна синип калган ислам дининин жол-жоболору менен анын түздөн-түз Кудайга жана жалпы адамзатка багытталган тунук махабаты. Ал эми экинчи агым - элдин оозеки сүйлөшмө жатык тилин данек кылып, түрк топурагынын кыртышынан өнүп чыккан, көп кылымдык бай тажрыйбасы бар түрк жазма адабий тили. Мына ошол эки чоң агымдын бирикмеси Юнустун көтөргөн жүгү менен адабияттагы чыйырын көзгө сайып көрсөтүп турат.

Юнус Эмре - дүйнөлүк акын. "Жаратылыш жана жалпы жандыктарды Кудай жараткандыгы үчүн сүйөм", - деп жар салып, "жер шарындагы бүткүл адамзатка бирдей мамиле жасаарын" даңазалаган бул карапайым дербиш, Европадагы "гуманизм" (15 к.) агымы башталган доордон эки кылым мурда жашап өткөн. Чындыгында, акындын мындан жети жүз жыл абалкы туңгуюк турмуштун курчоосунда калган көпчүлүк адамзаттын "агартуу" далалаты менен өз жарыгын төгөрөктүн төрт бурчуна жайылтуу аракети, европалыктардын "агартуу" кыймылынын беш кылым оболу жүзөгө ашкан болчу.

Көкүрөктү көңдөй кылып кербедим,
Көр оокатка көмүлөм деп келбедим.
Кудуреттүү Кудай менен дос болуп,
Көңүлдөрдү көтөрүүгө келгенмин,
- деп Юнус Эмре бул жашоодогу кызматын белгилеген.

Текст Алтынбек Исмаиловдун "Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре" (Бишкек, 2005) китеби боюнча даярдалды.