Үкөк

Википедия дан

Жыгачтан жасалган ашкана буюму. Жыгач усталардын чеберчиликтерин баамдатаар үкөккө ар кандай тамак-аштар сактала турган. Ал — бир эсептен жыгач сандыкча. Муну кайыңдан, теректен, карагайдан, арчадан, жыгачтан, өрүктөн жана башка ушул сыяктуу ар түркүн жыгачтардан жасашат. Үкөк баштапкы абалын сакташы үчүн жыгач уста тактайды татынакай кургатат. Болжолдо, үкөктүн узуну 80—100—95—102 см, туурасы 40—50— 45—55 см болсо сыйда көрүнөт. Мунун бийиктиги 40— 50—55 см келет. Үкөктүн капкагын эки допшо менен бекитет. Маңдай бетинен ортосуна кадай турган кичинекей кулпу салгычы болот.

Үкөк көчмөндүү турмушка шартташкан. Аны өтө эле көлөмдүү эмес, орточо жасоо максатка ылайыкташкан. Жыгач чеберлери үкөктүн маңдай бетине элдик көркөм оюм-чийимдерин түшүрүшкөн.

Жыгачка көркөм оюм түшүрүү үлгүсү мына ушул буюмдан баамдалат. Абалы, мунун бетине түшүрүүчү оюмду шибеге аркылуу акырын билинээр-билинбес негиздеп алат. Анан анын изин бычак менен үстүнөн дааналайт. Текенин мүйүзүнөн учтуу таякча жасап, ошону менен алиги чийимдин артынан дааналап салмак менен басканда көркөм оюм-чийим кашкаят. Түшкөн жыгач кооздугу чагарак имерилип, ич ара шайкеш жана төп келип, көбүн эсе негизги «мүйүз-оюмун» («кочкор мүйүз», «кош мүйүз», «теке мүйүз», «кулжа мүйүз») элестелет. Мында шырдактай «табак оюмдары» да орун алат. Үкөктүн жыгач оюму рельефтүү келет. Оюмду жаратуу үчүн мүйүздөй эле учтуу жумуру темирди да пайдаланышат.

Үкөк — элдик жыгаччылык өнөрүндөгү көркөм нуска. Бул үйгө өзүнчө көрк берет. Анын ичине баалуу буюмдарды катууга болот. Ал адими буюмду күбөдөн жана чаңдан сактайт. Муну салттуу үлгү катары кайрадан өнүктүрүү жыгаччылардын асыл милдети болуп саналат.

Мырза теректен буюм кармоо жеңил, ага көркөм оюм-чийимди түшүрүү өтө ийкемдүү келет. Үкөк оюмдары бул унутулуп баратылган көркөмдүктү кайрадан эске салат. Кадимки «Кыял оюмунун» элементтери «кулжа мүйүз», «мүйүз оюму» менен тирелишип, ич ара табак оюмду түзүп тутумдашып турат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)