Үч-Коргон суу сактагычы
Көрүнүш
(«Үч-Коргон, суу сактагыч» барагынан багытталды)
Үч-Коргон суу сактагычы — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун (Шамалдысай шаарчасынын жанында) аймагында. Нарын дарыясынын нугуна курулган. Суу агымын сутка боюнча жөнгө салып турат. Энергия алууда, сугатка пайдаланылат. 1964-жылы ишке киргизилген. Узундугу 16км, эң жазы жери 2,5 км, эң терең жери 29 м, суу толгондогу аянты 74 км2, көлөмү 52,5 млн м3. Плотинасынын узундугу 2882 м, туурасы 10м. 47 миң га жерди сугарат.
Аталышы | Үч-Коргон суу сактагычы |
---|---|
Аянты | 74 км2 |
Узундугу | 16 км |
Жазы жери | 2.5 км, |
Терең жери | 29 м |
Сыйымдуулугу | 52 млн м3 |
Байланыштуу макалалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2